Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:28

УКМК тогуз кишини курал сатууга шек санап кармады


УКМК тараткан сүрөт.
УКМК тараткан сүрөт.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети курал-жарактарды мыйзамсыз сатууга шектелип тогуз киши кармалганын 2-июлда билдирди. Маалыматка ылайык, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү чек ара кызматкерлери менен сүйлөшүп, РГД-5 гранаталарын кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал маалында колдонуу шылтоосу менен алып, аларды кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө сатышканы аныкталган.

“Кармалгандардын ар бири өздөрүнүн кылмыштуу милдеттерин ачык-айкын аткарышкан. Атап айтканда, бири кардарларды издөө менен алектенген, башкасы курал ташуу үчүн транспорт каражаттарын жана коопсуз кыймыл үчүн адистештирилген аскердик кийимдерди даярдоо болгон”, - деп жазылган маалыматта.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында төрт даана РГД-5 гранатасы, кесилген ок атуучу мылтык, 7,62 мм жана 5,45 калибрлүү ок-дарылар алынган. Ошондой эле кармалган тогуз киши №21 тергөө абагына киргизилди.

УКМК бул кылмышка тиешеси бар бардык адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралар жүргүп жатканын кошумчалады.

Шерине

XS
SM
MD
LG