Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:50

Прокуратура "ЭлКат" ишканасы мамлекетке кайтарылганын билдирди


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Башкы прокуратура тарабынан “ЭлКат” ишканасы мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы 4-июлда кабарлады.

Маалыматка ылайык, сот тарабынан мурдагы соттук чечимдер жокко чыгарылып, мамлекеттин мыйзамсыз жоготулган мүлккө укуктары калыбына келтирилген. Кайтарылган мүлктүн баасы 5,8 млрд сом.

“ЭлКат” компаниясынын мурдагы директору Уланбек Толубаев, негиздөөчүлөрү Зикирали Кенжебаев жана Сергей Шмелев "коррупцияга" шек саналып, быйыл февраль айында камакка алынган. Көп өтпөй УКМК буга байланыштуу түшүндүрмө берген. Анда компания 1994-жылы түзүлгөнү, 51% президенттин аппаратына, калган 49% “Компьютердик технологиялар борбору” жоопкерчилиги чектелген коомуна тиешелүү болгону, кийин кызмат адамдардын кийлигишүүсүнүн негизинде коррупциялык жолдор менен жеке колго өтүп кеткени айтылган.

"ЭлКат" ишканасы энергетика тармагындагы коррупцияга байланыштуу аты аталып жүргөн Алексей Ширшовдун көрсөтмөсүнүн негизинде мамлекетке өткөнүн буга чейин президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайыр Орунбеков Фейсбуктагы баракчасы аркылуу билдирген.(ZKo)

Шерине

XS
SM
MD
LG