Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Июль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:25

Президент Жапаров Балыкчынын мэри кызматтык этиканы сактабаганын билдирди


Султан Кермалиев, Балыкчы шаарынын мэри.
Султан Кермалиев, Балыкчы шаарынын мэри.

Президент Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине курган маегинде Балыкчы шаарынын мэри тууралуу интернетте жүрүп жаткан талкуулар тууралуу да пикирин билдирди. Ал Балыкчыга мэр болуп дайындалган Султан Кермалиевдин маегин көргөнүн, ал этиканы сактабаганын айтты. Мамлекет башчы Кермалиев Балыкчыда, Чолпон-Атада жакшы иштерди жасаганын белгиледи.

"Иш билги жигит экенин көрүп, Чолпон-Атага мэр болуп иштеп бер деп чакырсак, "мен Балыкчыга мэр болсом жакшы болот эле, Лас-Вегас кылат элем" дегенинен макул деп Балыкчынын мэрин Чолпон-Атага жылдырып, бул жигитти Балыкчыга мэр кылдык. Мен президент болуп келген 5 жылдын ичинде көп түрдүү адамдарды көрдүм. Бир түрү сөзгө чоркок, бирок иштин майын чыгарат. Экинчи түрү тили укмуш сайрайт, бирок колунан эч нерсе келбегендерди да көрдүм. Албетте мэр болгондон кийин мамлекеттик кызматтын этикасын сакташ керек болчу. Этиканы сактабаганын мен да көрдүм. Бирок эми этикасын оңдосок болот. Адам да. Айбан эмес. Эң негизгиси өзү башка мэрлердей болуп ууру болбош керек. Таза иштеп бериш керек. Балыкчыны өзү айткандай Лас-Вегас кылышы керек. Мамлекетке, элге анын тили эмес, жасаган иши пайда болот. Убакыт берели, этикасы оңолбосо анан көрөбүз".

Президент Жапаров ошондой эле өлкөдө жетекчилик кызматтарда иштей турган кадрлар жетишсиздигин белгилеп, бул боштукту толтуруу үчүн “Акылман” мектебин ачканын, ал мектепти бүтүргөндөр 100 пайыз мамлекеттик кызматтарда иштей турганын кошумчалаган.

"Жакында түштүккө дагы бир “Акылман” мектебин ачабыз. Чолпон-Атага келбестен түштүк жактагы балдарыбыз ошол жакта эле окушса болот. Ал мектепти бүтүргөндөр 100 пайыз мамлекеттик кызматтар менен камсыз болушат. Бирөө да көчөдө калбайт. Муну мыйзам менен бекитип койдук. Бул эми келечектин иши", - деген Садыр Жапаров.

36 жаштагы Султан Кермалиев Балыкчы шаарынын мэри болуп президент Садыр Жапаровдун 2-июлдагы жарлыгы менен дайындалган. Ал буга чейин Чолпон-Атада көл жээгине комуздун формасында пирсти, грек мифологиясындагы каармандар Зевс жана Посейдондун скульптурасын тургузган.

Керималиевдин мэр болуп дайындалгандан кийинки "СерепТВ" телеканалына курган маеги интернетте талкуу жараткан. Соцтармак колдонуучулары анын эфирде өзүн алып отурганын, кийимин жана орусча аралаштырып сүйлөгөнүн сындашкан.(ZKo)


Шерине

XS
SM
MD
LG