Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Июль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:14

АКШдан үйүнө кайткан өзбекстандык камалды


Закир Алиев.
Закир Алиев.

АКШ жарандыгын алган Закир Алиев бир канча жылдан кийин Өзбекстанга келгенде кармалды. Мамлекеттик коопсуздук кызматы ал “Өзбекстан ислам кыймылынын” иш-аракеттерине катышканы үчүн издөөдө” жүргөнүн билдирүүдө.

Виржиния штатындагы салык жана бухгалтердик кызматтарды көрсөткөн компаниянын ээси, ишкер, АКШ жарандыгын алган Закир Алиев Өзбекстанга, ата-энесинин үйүнө келгенде кармалды. Бул тууралуу биринчилерден болуп Парижде жайгашкан «Жалындуу жүрөктөрдүн клубу» укук коргоо уюму кабарлады.

Маалыматта айтылганга караганда, Закир Алиев Кашкадарыя облусунун Карши шаарындагы туугандарынын чакыруусу менен Өзбекстанга 16-июнда учуп келген. Чакырууну Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги канааттандырып, ал АКШдагы өзбек элчилигинен 90 күндүк виза алган. Бирок ата-энесинин үйүнө келгенден кийин бир саат өтпөй аны Карши шаарынын милициясы алып кеткен.

Ташкент шаары. Иллюстрациялык сүрөт.
Ташкент шаары. Иллюстрациялык сүрөт.

Өзбекстандын Мамлекеттик коопсуздук кызматы 18-июнда тараткан маалыматка караганда, АКШ жарандыгын 2014-жылы алган өзбекстандык Закир Алиев "бир катар өлкөлөрдө экстремисттик деп табылган “Өзбекстан ислам кыймылынын” иш-аракеттерине катышканы үчүн издөөдө” жүргөн.

“Закир Алиевди кармаганда ал өзүнүн мыйзамсыз иштерин мойнуна алган көрсөтмө берди. Атап айтканда, 2000-жылы “Өзбекстан ислам кыймылына” кирип ант берген, Ооганстанда машыгуудан өткөн, ошондой эле Ооганстандын укук коргоо органдарына жана коалициялык күчтөрдүн аскерлерине каршы уруштарга катышкан. 2005-жылы “Өзбекстан ислам кыймылынын” башка мүчөлөрүнүн көрсөтмөлөрүнүн негизинде ага диний-экстремисттик жана террористтик иш-аракеттерди жасаганы үчүн мамлекеттик коопсуздук кызматынын тергөө бөлүмү тарабынан №646 кылмыш иши козголгон” деп айтылат Өзбекстандын Мамлекеттик коопсуздук кызматынын маалыматында. Атайын кызмат учурда Алиевдин бөгөт чарасын аныктоо иши жүрүп жатканын кошумчалаган.

46 жаштагы Закир Алиев бир канча жылдан бери АКШда жашап жүргөн. Ал өзүнө Өзбекстанда кылмыш иши ачылганынан кабардар экенин билген-билбегени белгисиз. Алиевдин жакындарынын айтымында, ал былтыр президент Шавкат Мирзиёевдин АКШда жашаган өзбекстандыктар менен жолугушууда айткан сөзүнө шерденип, ата журтуна келип кетүүнү чечкен.

2017-жылы сентябрь айында Шавкат Мирзиёев Нью-Йоркто өзбекстандык мекендештери менен жолуккан. Анда ал АКШдагы өзбекстандыктарды өлкөдөгү ири реформаларга катышууга, заманбап билимин жана тажрыйбасын мекенди өнүктүрүүгө жумшоого чакырган.

Шавкат Мирзиёев.
Шавкат Мирзиёев.

- Чет жерде жашап, бирок өлкөгө салым кошкусу келген бардык мекендештерди мен Өзбекстанга чакырам. Мен аларды ар тараптан колдогонго жана кубаттаганга даярмын, - деген Шавкат Мирзиёев.

“Жалындуу жүрөктөрдүн клубу” укук коргоо уюму Алиевдин камалышы боюнча президент Шавкат Мирзиёевдин администрациясына, Тышкы иштер министрлигине жана Ички иштер министрлигине кайрылды.

"Алиев мүчө болгон" деген "Өзбекстан ислам кыймылы" 1990-жылдардын башында Фергана өрөөнүндө пайда болгон. Оболу Өзбекстандын президенти Ислам Каримовдун өкмөтүн кулатып, ислам халифатын орнотууну көздөгөн чакан топ кийин жалпы аймакка коркунуч жараткан күчкө айланган.

Тахир Юлдашев менен Жума Намангани баштаган диний уюм 1999-жылы Баткен облусуна кол салган. Кийин бул согушкер диний топ Ооганстандын жана Пакистандын аймактарында жүргөнү тууралуу маалыматтар айтылган.

2015-жылы “Өзбекстан ислам кыймылы” “Ислам мамлекети” террорчул уюмунун катарына өткөнүн ырастаган өзбек тилиндеги тасма тараткан. Бул уюмга бир катар өлкөлөрдө, анын ичинде, Кыргызстанда, Өзбекстанда жана АКШда да тыюу салынган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG