Султан Кермалиев Балыкчыга, Азамат Арнабек уулу Чолпон-Атага мэр болду

Султан Кермалиев жана Азамат Арнабек уулу. Коллаж.

Президент Садыр Жапаров Азамат Арнабек уулун Балыкчы шаарынын мэри кызматынан бошотуп, ордуна Султан Кермалиевди дайындады. Бул тууралуу жарлык 2-июлда жарыяланды.

42 жаштагы Арнабек уулу Балыкчы шаарын 2022-жылы октябрдан бери жетектеди. Мындан бир күн мурда Ысык-Көл райондук администрациясы Чолпон-Ата шаарына Арнабек уулу мэр болуп дайындалганын маалымдаган.

Шаардын ага чейинки мэри Данияр Сатаров 23-июнда өз каалоосу менен кызматын тапшыруу боюнча арыз жазган.

36 жаштагы Султан Кермалиев буга чейин Чолпон-Атада көл жээгине комуздун формасында пирсти, грек мифологиясындагы каармандар Зевс жана Посейдондун скульптурасын тургузган.

Дагы караңыз

Путин менен Макрон үч жылдан бери алгачкы жолу телефондон сүйлөштү Трамп Израил Газада 60 күн ок атышпоого макул болгонун билдирдиОшто үйү сүрдүрүлгөндөр үчүн жаңы тамдардын курулушу башталдыОрусия: Биометрика тапшырбаган чет элдиктердин мобилдик байланышы өчүрүлөт