Иран МАГАТЭ менен кызматташтыкты токтотту, Европа өлкөлөрү кооптонууда

Ирандагы уран байыткан Фордо комплекси, 29-июнь, 2025-жыл.

Иран Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик (МАГАТЭ) менен кызматташтыкты токтотуу тууралуу чечим кабыл алганы Европа өлкөлөрүнүн тынчсыздануусун туудуруп, Тегерандын мындай кадамын "кооптуу" деп сыпаттады.

2-июлда Ирандын президенти Масуд Пезешкиан өткөн аптада кабыл алынган мыйзам долбооруна кол койду. Буга израилдик жана америкалык күчтөрдүн 12 күн Ирандын маанилүү өзөктүк жайларына абадан сокку урганы түрткү болду. Жаңы мыйзам Тегеран өзүнүн ядролук жайларынын жана илимпоздорунун коопсуздугуна кепилдик алып, өз аймагында уранды байытуу укугу тастыкталмайынча МАГАТЭ менен кызматташуунун токтотууну карайт.

МАГАТЭ менен кызматташууну токтотуу Ядролук куралды жайылтпоо тууралуу келишимдин алкагында эл аралык текшерүүлөрдү, көзөмөлдү чектейт.

Германиянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Мартин Гизе Тегерандын мындай чечими "кооптуу белги" экенин белгилеп, эл аралык агенттик менен кызматташууну дипломатия үчүн "өтө маанилүү" деп баалады.

Анын алдында Франциянын президенти Эммануэл Макрон Орусиянын лидери Владимир Путинди Тегеранды МАГАТЭ менен кызматташууну калыбына келтирүүгө ынандырууга чакырган. "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун ишенимдүү булактары Кремл Париждин өтүнүчүнө макул болгонун айтышкан.

Макрон Тегеран жана Вашингтон Ирандын өзөктүк программасы боюнча ишенимдүү макулдашууга жетишпесе европалык державалар Ислам жумуриятына эл аралык санкцияларды кайрадан киргизүүнү караштыра турганын эскерткен.

Вашингтон - Тегеран өзөктүк программа боюнча сүйлөшүүлөрдүн беш айлампасын өткөргөн, андан соң жараян үзгүлтүккө учурап, 13-июнда Израил Ирандын өзөктүк жана аскердик жайларына сокку ура баштаган.

22-июнда АКШ аскердик операцияга кошулуп, Тегерандын үч негизги ядролук объектисине, анын ичинде Фордодогу жер алдында курулган, коопсуздук чаралары катуу камсыздалган комплекске чабуул койгон.

Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи АКШ менен өзөктүк сүйлөшүүлөрдү чукул арада кайра баштоо мүмкүнчүлүгүн четке какты.

30-июнда америкалык CBS телеканалы обого чыгарган маекте Аракчи "сүйлөшүүлөр чукул арада башталат деп ойдон алысмын" деген. Ал "дипломатиянын эшиги эч качан жабылбай турганын" белгилеп, сүйлөшүүлөрдүн бардык аспектилерин карап чыгуу үчүн көбүрөөк убакыт зарылдыгына токтолду.

Дагы караңыз

"Абадан коргонуу тармагы колдоосуз калат". Украиналыктар АКШ курал бербейт деген кабарга кабатыр Адам укугу: Кыргыз бийлиги булганган абага, эл аралык уюмдар эркиндиктин чектелишине кабатыр Бункерге жашынган Хаменеи, Ирандын келечеги