Ал тапта бир нече эл аралык уюмдар Кыргызстандагы адам укугу жаатындагы абалга, жаңы кабыл алынган мыйзамдарга тынчсызданууда.
"Жагымдуу айлана-чөйрөгө болгон укук – фундаменталдык укук"
Адам укуктары боюнча координациялык кеңештин 30-июнда өткөн жыйынында Кыргызстандын адам укуктары жаатындагы эл аралык милдеттенмелерин аткарууга тиешелүү негизги маселелер талкууланды. Өкмөттүн таркаткан маалыматына таянсак, анда БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинин баяндамасынын алкагында төртүнчү улуттук баяндаманы коргоонун, ошондой эле расалык дискриминациянын бардык түрлөрүн жоюу боюнча Эл аралык конвенциянын жоболорун аткаруу боюнча 11-жана 12-бириктирилген баяндамалардын жыйынтыктары чыгарылды.
Расмий маалыматта адам укуктары боюнча эл аралык милдеттемелердин аткарылышы боюнча кененирээк маалымат берилген жок. Анын ордуна күн тартибиндеги дагы бир маселе – жагымдуу айлана-чөйрөгө болгон укуктун сакталышына мониторинг жүргүзүү жөнүндө баяндама, климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү жаатындагы мамлекеттик саясаттын чаралары талкууланганы айтылды.
Маселен, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Бишкекте, ири шаарларда жана кыштактарда калктын таза абага болгон укугу бузулуп жатканын билдирип, бул маселе кыргызстандыктардын “өмүрүнө жана ден соолугуна эң реалдуу жана узак мөөнөттүү коркунуч” экенин белгиледи.
"Мен балдарга, карыларга тийгизген зыяны, респиратордук жана башка оор оорулардын көбөйүшү тууралуу кеңири токтолбойм. Экономикалык зыяны да абдан чоң. Бирок эң негизгиси – биз бир нерсени ачык түшүнүшүбүз керек: жагымдуу айлана-чөйрөгө болгон укук – бул адамдын негизги, фундаменталдык укугу. Мен, Министрлер Кабинетинин өкүлү катары, ачык моюнга алгым келет: эгерде үч-төрт жыл мурун мурунку бийликтин жоопкерчилигине шылтоо кылууга мүмкүн болсо, анда бүгүнкү күндө бул көйгөйдүн чечилбегендиги – бул биздин кемчилигибиз. Дагы бир жолу кайталайм, таза абага болгон укук маселесинде Кыргызстан үчүн эң башкы укук коргоо чакырыгы турат. Дал ушул жерде мамлекеттин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, бардык аткаруу органдарынын, жарандык коомдун жана бизнестин күч-аракеттерин бириктирүү талап кылынат".
Чындыгында, соңку жылдары Кыргызстанда, өзгөчө Бишкек шаарында таза аба жана экология көйгөйү өтө курч болуп турат. Кыш айларында Бишкек абасы бузулган шаарлардын дүйнөлүк тизмесинде сап башына чыгып кетет.
Ал эми өкмөт учкай оозанып кеткен адам укуктары боюнча баяндамалар жана өлкөдөгү адам укуктарынын башка өңүттөрү тууралуу айтсак. Кыргызстандын өкмөттүк делегациясы майдын башында БУУнун Адам укуктары боюнча комитетинин Женевада өткөн жыйынында Адам укуктары боюнча универсалдуу мезгилдүү баяндама менен расалык дискриминациянын бардык түрлөрүн жоюу боюнча Эл аралык конвенциянын жоболорун аткаруу боюнча 11-жана 12-бириктирилген баяндамаларын коргогон.
Сессияда делегация адам укуктары менен эркиндиктерин коргоо, жылдыруу жана ишке ашыруу, ошондой эле бул жаатта эл аралык милдеттенмелердин аткарылышы тууралуу баяндап беришкен. Муну менен катар мамлекеттин этностук саясаты, өлкөдөгү улут аралык мамилелердин учурдагы абалы, мыйзамдардагы соңку өзгөрүүлөр, социалдык-экономикалык жана коомдук-саясий чөйрөдөгү маанилүү өзгөрүштөр тууралуу маалыматты сунуштаган.
Адам укугу, эл аралык уюмдардын коңгуроосу
Бул арада эл аралык уюмдар Кыргызстандагы адам укуктарынын башка тармактарында да көйгөйлөр көбөйүп кеткенин айтып, коңгуроо кагып жатышат.
Human Rights Watch (HRW) эл аралык укук коргоо уюму Жогорку Кеңеш кабыл алган “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” жана Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борборду жоюп, Акыйкатчы институтунун курамына киргизүү тууралуу мыйзам долбоорлоруна тынчсыздануусун билдирди.
Буга байланыштуу HRW президент Садыр Жапаровду эки документке тең вето коюп, кайра Жогорку Кеңешке кайтарууга чакырды.
Бириккен Улуттар Уюмунун кыйноолорду алдын алдын алуу боюнча кичи комитети Кыргызстандын көз карандысыз мониторинг органы болгон Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борборду (КАУБ) коомдук консультацияларды өткөрбөстөн жана ачык-айкындуулукту камсыздабастан жоюу чечимине байланыштуу терең тынчсыздануусун жарыялады.
Кыйноого каршы борбор, камалган, чектелген журналисттер
Ал эми Кыргызстандын ондогон жарандык активисттери ушул күндөрү бийликке кайрылып, Кыйноолорго каршы борборду жоюуда процессуалдык нормалар одоно бузулганын билдиришти.
“Жогорку Кеңеш мыйзам долбоорун кабыл алууда процессуалдык нормалар одоно бузулган: Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борборду жоюу жобосу экинчи окууда гана кошулуп, тармактык комитеттерде, жарандык коом менен жана борбордун өзү менен алдын ала талкууланган эмес. Андан тышкары Кыйноого каршы борборду жаап, акыйкатчыга берилген мезгилде өтмө жоболор жок, учурдагы иштердин жана мониторинг графиктеринин тагдыры түшүнүксүз. Бул оор системалык кризиске алып келүү коркунучун жаратат. Натыйжада мониторинг токтоп, СИЗО жана колониялардагы адамдар эч кимге кайрыла албаган абалда калышат”.
- Кыргызстанда сөз эркиндиги менен журналисттердин ишмердигинин эркиндигине болгон чектөөлөрдүн улам күчөп баратканын эл аралык эксперттер билдирип келишет. Kloop басылмасынын сот аркылуу жабылышы, анын бир катар журналисттеринин камакка алынышы, “Апрель” басылмасын жабуу аракеттери, эркин журналист Канышай Мамыркулованын камакта отурушу көптөгөн эл аралык жыйындар менен документтерде демократиядан кетенчиктөө катары белгиленип жатат.
Соңку 4-5 жылда Кыргызстанда бийликке каяша айткан ондогон журналист, блогер, жарандык активист жана саясатчылар ар кандай себептер менен камалды.
Бийлик өкүлдөрү мындай ыкма менен аларды "тарбиялоону" көздөй турганын айтып келет. Маселен, президент Садыр Жапаров Кемпир-Абад иши боюнча камалгандарды “коомго зыян келтиргендер” деп атап, оппозиция болуп чыккандар жүйөсүз эле каршы боло берерин айткан.
Айткандай эле, кылтакка илингендердин арасынан айрымдары бийликке карата позициялары түп тамырынан өзгөрүп, анан эркиндикке чыгышкан. Көптөрү атайын кызматтын илинчектеринен улам унчукпас позицияга өтүүгө аргасыз болушкан.
Human Rights Watch уюму медиага тиешелүү документ бийликке ЖМКны каттоодон баш тартуу, алардын ишине тоскоолдук кылып, соттун чечими жок эле жаап коюуга шарт түзө турганын айтууда.
“Чек арасыз журналисттер” уюму майдын башында жалпыга маалымдоо каражаттарынын эркиндиги боюнча жылдык баяндамасын жарыялаган. Дүйнө боюнча 180 өлкө кирген ал рейтингде Кыргызстан 144-орунду ээлеп, былтыркы көрсөткүчтөн 24 орунга төмөндөп кеткен. Бул рейтингдин тепкичтеринде “эң начар” деп бааланат.
Медиа-эксперт Нурдин Дүйшөнбеков ар бир жаран маалыматты ар башка альтернативдүү булактардан алууга акылуу экенин, ал негизги укук катары Баш мыйзамда жазылганын, бирок ал соңку кездери аксап жатканын белгилейт.
“Мисалы, “Чек арасыз журналисттер” деген уюмдун индекстери, башка индекстер дагы кандайдыр бир илимий ыкмалар менен иштелип чыккан. Ошонун негизинде рейтингдерди түзөт. Бул деген бирөө жөн эле оюнан чыгарып алып, жарыялап өзүнүн пикирин билдирип аткан жок. Менимче, бул дагы бекер жерден чыккан эмес. Алар дагы байкап, кандай мыйзамдар кабыл алынып атат, аракеттеги мыйзамдар иш жүзүнө кандай колдонулуп атат – ошонун баарын жалпылаштырып туруп, анан кандайдыр бир корутундусуна келип, ошонун негизинде сунуштарын берип атат. Менимче, ага сөзсүз көңүл буруш керек. Бул дагы Кыргызстандын эл аралык репутациясына дагы, имиджине дагы, Кыргызстанга салынып аткан инвестицияга дагы таасирин берет”.
Өткөн аптада Бишкектин Биринчи май районунун аймагында митинг-пикет өткөрүүгө салынган тыюу кайрадан узартылды.
Соттун чечимине ылайык, 1-июлдан 30-сентябрга чейин шаардын борбордук аянттарында мамлекеттик иш-чараларды кошпогондо тынчтык жыйындарын өткөрүүгө болбойт.
2022-жылы Бишкектин борбордук аянттарында акция өткөрүүгө салынган тыюу утур-утур узартылып келатат.
Шерине