Ош шаарындагы борбордук көчөлөрдүн бири - Ленин көчөсүнүн аталышы Алымбек датка көчөсү деп өзгөртүлдү.
Бул тууралуу мэр Жеңишбек Токторбаевдин сунушун Ош шаардык кеңеши 3-июлда колдоп, чечим кабыл алды.
Июнь айынын башында мэрдин чечими менен Ош шаарынын борбордук аянтындагы Владимир Лениндин эстелиги алынган.
Быйыл январь айында президент Садыр Жапаров “Баткен, Нарын, Ош, Талас жана Чүй облустарынын айрым айыл аймактарын жана айылдарын кайра атоо жөнүндө” мыйзамга кол койгон.
Анда мыйзам улуттук идеологияны чыңдоого, өткөн жана азыркы мезгилде кеңири белгилүү жана колдонуудагы айрым айыл аймактардын жана айылдардын аталыштарын мыйзамдаштыруу максатында иштелип чыгып, кабыл алынганы жазылган.
2022-жылы биринчи Элдик курултайда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Бишкектеги төрт райондун - Ленин, Октябрь, Биринчи май жана Свердлов райондорунун атын өзгөртүү маселесин көтөргөн.
2024-жылы ноябрда бул маселени парламенттин вице-спикери Нурланбек Сыдыгалиев да көтөрүп, Бишкектеги төрт райондун аталышын да жер-суу аталыштарын өзгөртүү мыйзамына кошууну талап кылган. (ZKo)