"Азаттыктын" Бишкек бюросунун видео-оператору. Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин телекоммуникация факультетинин 5-курсунун студенти.
Айдаана Аматова пианист, ал эми Талгат Молдалиев коомдук активист катары белгилүү.
Кыргыз-тажик чек арасы кырдаалга жана эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгына жараша ачылышы ыктымал. Бул тууралуу Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов "Азаттыкка" билдирди. Бишкекте “Жалган жана анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзам долбооруна каршы нааразылык акция өттү. Парламент
Түркмөнстанда Садыр Жапаров менен Гурбангулы Бердымухамедов жолугуп, Кыргызстан Түркмөнстандын мунай, газ, энергетика тармагындагы ишканалары менен иштешүүгө кызыкдар экенин белгиленди. Кечке жуук президент Жапаровдун иш сапары Тажикстанда уланды.
Тажикстанда кармалган кыргызстандык оор жүк ташуучу он чакты автоунаанын бир бөлүгү коё берилди. Кыргызстандын Акыйкатчысы муну барымта катары баалаган эле.
Июнь айынын башында сот чечими менен Бишкек шаарынын мурдагы вице-мэри Мирлан Амантуровго козголгон кылмыш иши кыскартылды. Анын мэриядагы коррупциялык схемага тиешеси бар экени айтылган. Амантуровдун иши УКМКда тергелип жаткан учурда атайын кызматтын имаратын айланта асфальт төшөлүп жатты.
Ош шаарында чырдан улам атайын кызматтын ыкчам кызматкери каза болду. Шектүүлөр кармалды, окуянын чоо-жайы иликтенүүдө.
Дагы бир ири камоо. Канадалык "Центерра" компаниясы менен жең ичинен сүйлөшүп, Кумтөр кениндеги мөңгүлөргө зыян келтирген деп мурдагы вице-премьер Тайырбек Сарпашев кармалды.
Экс-президент Жээнбековдун тушунда сот жана күч тармагын көзөмөлдөгөнү айтылган Алмамбет Салиев мыйзамсыз баюуга шектелип камалды. Парламентте Министрлер кабинетинин төрагасы Улугбек Мариповго ишенбөөчүлүк көрсөтүү демилгеси көтөрүлдү. АКШ жана Орусия президенттери мамиле чыңалган маалда жолугушту.
Кыргызстанда сентябрдан баштап электр кубатын кымбаттатуу пландалууда.
Бишкекте 15-июнда соңку жергиликтүү кеңештерге депутат болуп шайланган аялдар жана алардын шайлоо учурунда кабылган тоскоолдуктар талкууланды. Учурда 43 айылдык кеңешке аялдар төрайым, 13 айыл өкмөтүнө аял жетекчи болуп шайланды.
Кыргызстанда коронавирустун үчүнчү толкуну жүрүп жатат.
Бишкектин Биринчи май райондук сотунда адам уурдоонун курмандыгы болгон Айзада Канатбекованын өлүмүнө байланышту отурум 11-июнда уланды.
Кыргызстан жана Түркия президенттери Анкарада жолугушту. Бул - Жапаровдун президент катары постсоветтик алкактын тышындагы биринчи чет өлкөлүк сапары.
Кыргызстанда мамлекеттик мүлктү менчиктештирүүгө даярдык башталды. Мунун алдында президент Садыр Жапаров мамлекетке караштуу мүлктүн көпчүлүгүн сатууну сунуштаган. Калганы тийиштүү министрликтерге, комитеттерге жана башка органдарга өткөрүлмөкчү. Демилгени сынга алгандар да, колдогондор да чыгып жат
"Раритет" китеп дүкөнүнүн аянты аукционго коюлду. Мамлекеттик мүлк фонду аукционду июнь айына белгилеген. "Раритеттин" Ала-Тоо аянтындагы дүкөнү мамлекеттик имараттын ичинде жайгашкан.
Мамлекеттик комиссия Centerra Gold компаниясынан дээрлик 5 миллиард доллар алууну көздөп атат. Бул "Кумтөр" кенинен экологияга келтирилген зыян, түшпөй калган салыктардын кенемтеси катары түшүндүрүлүүдө.
Кыргызстанда соңку эки жумадан бери Бишкек шаарында жана Чүй облусунда коронавирус жугуп, каза болгондор улам көбөйүп баратат. Ооруга каршы эмдөө башталганына бир айдан ашса да вакцина алгандар аз. Буга байланыштуу "Азаттык" эмдөөнү кимдер, каяктан, кандай шартта алат жана анын пайдасы тууралуу түшү
29-апрелдеги кыргыз-тажик жаңжалынан Лейлек районундагы турак жай, имараттардан тышкары май куюучу 27 бекет толук өрттөлдү. Арка айылынын тургундарынын айтымында, бул жайлар аркылуу күйүүчү май Тажикстанга кетип турган. Алар эки өлкөнүн жаңжалынан кийин чек арадагы аткезчиликти өздөрү көзөмөлдөй тур
Соттук-медициналык экспертизада Бишкекте уурдалып өлтүрүлгөн Айзада Канатбекова киши колдуу болгонго чейин зордукталганы аныкталды. Иш Бишкектин Биринчи май райондук сотуна жиберилген.
Чек арадагы кагылыштан курман болгон кыргызстандыктардын саны 36га жетти. Ал эми Тажикстан тараптан 16 адам каза тапканы айтылууда. Тажикстандын Башкы прокуратурасы Кыргызстандын аскер кызматкерлерине жана жарандарына каршы кылмыш ишин козгоп, чек арадагы окуяны «агрессия» деп баалады.
Дагы жүктөңүз