Бишкектеги "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Шанхай кызматташтык уюмунун мамлекет башчыларынын жыйыны башталды. Ага Кыргызстандан тышкары Казакстан, Кытай, Орусия, Өзбекстан, Тажикстандын президенттери жана Пакистандын, Индиянын премьер-министрлери катышууда.
Бишкектин четиндеги Гончарная көчөсү №59 курулган үйдөн батир алган он чакты үй-бүлө талаада калганы турат. Алардын баары эптеп карызга турак жай алып, карыздан чекесинен кутулуп жаткан. Азыр ал турак жай турган жердин ээси башка болуп чыгып, алардан батирлерди бошотууну талап кылууда.
Кытайдын Борбордук опера театрынын өнөрпоздору «Манас» операсын кыргыз көрүүчүлөрүнө Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында тартуулады.
Казакстанда кезексиз өткөн президенттик шайлоодо Касым-Жомарт Токаев жеңишке жетти. Экинчи келген оппозициячыл маанайдагы талапкер Амиржан Косанов шайлоо жыйынтыгын тааный турганын жарыялап, өлкөдөгү нааразылык акцияларын өткөрүүнү колдобой турганын айтып чыкты.
Казакстанда акыркы 30 жылдан бери өлкөнү башкарган Нурсултан Назарбаев катышпаган алгачкы президенттик шайлоо өтүп жатат. Алматы, Нур-Султан баштаган бир нече шаарларда шайлоого каршы чыккан ондогон адам, алардын ичинде журналисттер да кармалды.
Казакстанда өлкөнү 30 жыл башкарган Нурсултан Назарбаев катышпаган алгачкы президенттик шайлоо жүрүп жатат. Саат 7де өлкө боюнча добушканалар ачылып, учурда уланууда.
Ош шаарындагы 60 миңден ашуун калкы бар Амир-Темир муниципалдык аймактык башкармалыгында кыргыз жана өзбек жаштарынан бириккен кызматкерлер эмгектенет.
Бишкекте 27-майда кыз ала качуунун, зордук-зомбулуктун курмандыктарын укук коргоочулар эскеришти. Бул иш-чара бир жыл мурун ала качуунун айынан күлгүндөй курагында каза тапкан Бурулай Турдаалы кызына арналды. Эскерүүгө катышкандар окуядан коомчулук сабак албай, ала качуу дагы эле токтобой жатканын
Бишкек -Торугарт жолунда 9-майда төрт адамдын өмүрүн алган жол кырсыгына себепкер тарап аныкталбай жатат. Укук коргоо органдары кырсыкта эки машиненин тең айдоочулары каза болгонун ыкчам кабарлаган.
Туугандары Сирияга кеткен айрым жарандар жакындарын, алардын балдарын кайтарып келүүгө жардам берүүнү өтүнүп, президент Сооронбай Жээнбеков баштаган бийлик бутактарынын жетекчилерине кайрылуу жолдошту.
Оштогу белгилүү адвокат Мухайё Абдураупова коомду аялдардын көйгөйүнө көбүрөөк көңүл бурууга чакырууда. Ал үй-бүлөдөгү зомбулуктун курмандыгы болгон кыз-келиндер улам көбөйүп жатканын, эркектердин жоопкерчилигине маани берилбей келатканын сындады.
Актриса жана ырчы, Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти Самида Холматова соңку жылдары диний амалдарды аткарып, ислам таануучулук менен да алектенип жүрөт. Чыгармачылыкты таштаган жок. Ошто Бабур атындагы өзбек драма театрындагы алдыңкы актрисаны кыргыз коомчулугуна тааныштырып коюуну туура көрдүк.
Ош шаарындагы Футбол академиясы кыздар командасын түптөп машыктыра баштады Футболго кызыккан 400гө чамалуу уландын арасында ондон ашуун өспүрүм кыз бар. Эл аралык футбол федерациясынын (FIFA) колдоосу менен курулган Футбол академиясында бүт заманбап шарттар түзүлгөн.
26-апрелде кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова Кытайда өтүп жаткан эркин күрөш боюнча Азия чемпионатында алтын медаль алган. Ушуну менен Айсулуу Тыныбекова Азия чемпионатын үчүнчү ирет жеңип алды.
Президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында сөз сүйлөдү.
Түштүк кореялык жана кыргызстандык ишкерлер Ошто ички иштер органдарында бир топ жыл жетекчилик кызматтарда иштеген, “Комбайн” деген каймана ат менен таанымал Сагынбек Жоробеков менен анын уулу Самидинди “ири өлчөмдөгү алдамчылык” боюнча айыптап келишет.
Бишкек шаарынын борбордук аянтында Нооруз майрамына арналып уюштурулган салтанат бул жолу кытайлык кыргыздардын ыр-бий тобунун катышуусу менен өзгөчөлөндү. Шиңжаң-Уйгур автономиялуу районунан келген маданий делегация элге өз өнөрүн тартуулады.
Журналист Уланбек Эгизбаев көзү тирүү кезинде Түштүк-Батыш көрүстөнүндө кабырлардын сатылып жатканын айтып, аныктап, көрсөтүп да берген. Бирок көр саткандар аныкталбай эле тескерисинче кыңыр иштер жөнүндө айтып чыккандар сот жообуна тартылды. Ал эми күч органдарынын көрүстөндөгү коррупция боюнча кыл
Иран менен Ирак саясий кызматташтыгын бекемдөөдө. Өзбек президенти Шавкат Мирзиёев милиция кызматкерлеринен арыктоону талап кылды. Сириядан төрт баласы менен мекенине кайтарылган казакстандык келиндин арманы жана үмүтү. Жигитинен элдин көзүнчө кордук көргөн тажикстандык кыз кайра аны коргоп чыкты.
Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы (муфтият) бардык диний уюмдардагы иш-кагаздарды жана жума баяндарын кыргыз тилинде жүргүзүү, зарыл учурда орусча кошуу тууралуу буйрук чыгарды.
Дагы жүктөңүз