"Азаттык+" бул чыгарылышын 8-март аялдардын эл аралык майрамына карата Кыргызстандагы жаш ишкер кыздарга арнады.
Кыргызстанда электрондук паспортту даярдоо боюнча тендер жаңжал менен коштолууда. Тендерге катышкан компаниялардын бири тандоонун жыйынтыгына нааразы болуп, өлкө башчыларына кайрылды.
Кыргыз армиясы зордук-зомбулук, чоңсунуу өңдүү уставга жат көрүнүштөрдөн, жоокер өлүмү менен аяктаган каргашадан арыла элек. "Ыңгайсыз суроолор" телеберүүсүнүн бул чыгарылышы кордолгон жоокерлердин тагдыр-таржымалына арналды.
1-январдан тартып күчүнө кирген беш кодекс жана эки мыйзам боюнча талаш-тартыш токтой элек.
Бишкекте “Кантип үч айда күйөөгө тийсе болот?” деген тренинг өтүп, ага 70ке чукул кыз-келин катышты. Үч саатка созулган иш-чарага болжолу 25тен 50 жашка чейинки аялдар келди. Кыздар турмушка чыгуу маселесине кандай маани беришет?
Кыргызстанда аламан улакка Польшадан алынып келген аттар көп чабыла баштады. Алыстан түмөн түйшүк менен, көп акчага сатылып келген мындай аттар негизинен Чүйдө Дача-Су айылында багылат.
Кыргыз өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финполиция) "Кыял" улуттук элдик көркөм кол өнөрчүлүк бирикмеси" мамлекеттик ишканасына кылмыш ишин козгоду.
Кыргыз өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финполиция) "Кыял" улуттук элдик көркөм кол өнөрчүлүк бирикмеси" мамлекеттик ишканасына кылмыш ишин козгоду. Бишкектеги Ош базардын бир бурчунда жайгашкан бул мекемедеги коррупциялык схема, чакан топтун гана
2018-жылы Жогорку Кеңештин дарегине сын көп айтылды. Айрым бир депутаттардын демилге-сунуштары кызуу талкуу жаратты. "Азаттык" буга байланыштуу депутаттардын өздөрүнүн пикирине кызыкты.
Жыл аяктап бараткан айларда Ош, Баткен облусунда кандуу окуялар катталды. Эки прокурордун, жергиликтүү депутаттын өлүмү боюнча бүгүнкү күнгө чейин ар кандай айың сөздөр тарап, табышмактуу жагдайларга жооп табылбай келет. Бул окуялардын себебин аймактагы аткезчилик, коррупция менен байланыштыргандар
Шаар тургундары аялдардын жана балдардын коопсуздугу үчүн өздөрү кам көрүдө. Бир апта мурда аялдар гана иштеген такси кызматы иштей баштады. Мындан тышкары балдардын коопсуздугунан кооптонгон ата-энелер окуучуларды үйдөн мектепке чейин ташыган айдоочуну жалдай баштады.
Бишкек шаардык Свердлов райондук сотунда Бурулай Турдаалы кызынын өлүмү боюнча соттук иште жарыш сөз болду. Жараянда прокурор айыпкер Марс Бөдөшевге 23 жыл , анын досу Акмат Сейитовго жети жыл сурап, айыпталуучулардын кунөөсү далилденгенин белгиледи.
Кыргыз телекөрсөтүүсүнүн 60 жылдыгы Улуттук филармонияда белгиленди. Салтанатта КТРКнын тарыхын чагылдырган театрлаштырылган оюн-зоок көрсөтүлүп, өнөрпоздордун ыр, күү, бийлери менен коштолду.
УКМК мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Түркиядагы бизнесин сатууга байланыштуу жагдайларды териштирип жатат. Ушул тушта экс-президенттин мүлкүн, байлыгын текшерүүнү талап кылгандардын катары калыңдай баштады. “Азаттык” Атамбаевдин миллиондорунун таржымалын иликтеди.
Кыргыз Улуттук филармониясынын камералык оркестри музыка сүйүүчүлөргө “Терминатор”, “Гладиатор”, “Шерлок Холмс”, “Форрест Гамп”, “Гарри Потер”, “Кариб деңизинин каракчылары” сыяктуу көркөм тасмалардын музыкасын көрүүчүлөргө тартуулады.
Коомдук телерадиокорпорациянын (КТРК) айдоочулары бүгүн, 21-ноябрда иш таштады. Бул тууралуу иш таштагандардын бири, коомдук каналдын айдоочусу Арсланбек Курманов "Азаттыкка" билдирди.
Ушул жылдын сентябрь айында милиция жаңы төрөлгөн ымыркайларды сатып жүргөн дарыгерлердин тобу кармалганын жарыя кылды.
Ысык-Көл районунун Тамчы айылында сабалган бала башка ишенимде болгону ур-токмокко алынганын айтууда. Бирок Ысык-Көл облустук милициясы бул факты боюнча “Ээнбаштык” беренеси менен кылмыш иши козголгонун билдирди. Ушул тапта сабалган бала Бишкек шаарындагы ооруканалардын биринде дарыланып жатат.
Акыйкатчыга арыз менен кайрылгандардын басымдуу бөлүгү сотторго нааразы. Бул тууралуу акыйкатчы Токон Мамытов 24-октябрда парламентте билдирди. Жогорку Кеңеш анда акыйкатчынын 2016-2017-жылдагы иши тууралуу баяндаманы укту.
Санкт-Петербургдагы метродо 2017-жылдын 3-апрелиндеги жардырууну ким, эмне максатта уюштурганы беймаалым бойдон калып келет. Кылмышка шектелип кармалган кыргызстандыктар күнөөнү моюнуна алган жок. Алар муну куру доомат деп жатышат.
Дагы жүктөңүз