"Каректе Евразиянын" бул чыгарылышында: Кытайдагы Жибек жолун жандандыруу форуму, армиядан качып, динге кирген грузин жаштары, Покемон оюну үчүн соттолгон орусиялык блогер, үйүнө Назарбаевдин сүрөттөрүн чаптаган Астананын тургуну, Түркиядагы кыргыз жоокерлеринин XI кылымдагы күмбөзү.
Адам укуктары боюнча кеңеш 2015-2016-жылдагы адам укуктары боюнча баяндамасын жарыялады.
Бишкекте мотокросс боюнча Шериктештик кубогунун биринчи этабы өттү. Ага Кыргызстан, Орусия жана Казакстандан келген чабандестер катышты. Жарышта мыкты деп табылгандар мелдештин кийинки баскычтарына жолдомо алышты.
2-апрель Дүйнөлүк аутизм күнү. Кыргызстанда аутисттердин так саны белгисиз. Бишкекте эле “Колдон колго” коомдук фондунун эсебинде 200дөн ашуун бала турат. Өлкө боюнча аутизмди так аныктай алган адистер жетишсиз. Мындай акыбалдагы адамдарды коом да өгөйлөп келет.
УКМК имаратынын алдында бүгүн өткөн митингде "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Аида Салянова Өмүрбек Текебаевди кармоо менен бийлик элди чагымга түртүп жатканын билдирди.
Бүгүн Кыргызстанда Мекен сакчылардын күнү белиленүүдө. Эркектерди эч нерседен коркпойт, эр жүрөк деп билебиз. Бирок эркектер эмнеден коркушат?
Бишкекте шаардык кеңештин депутаттары жаңы мэрди шайлашты. Шайлоо жыйынтыгында шаардык кеңештин депутаттарынын 29у Албек Ибраимовго, ал эми 12cи Нурдин Абдылдаевге добуш беришти. Эки депутат баарына каршы болушту. Бишкек шаардык кеңешинде 45 депутат бар. Мэр болуу үчүн талапкер кеминде 23 добуш алуу
“Ыңгайсыз суроолор” телеберүүсү кадр саясатындагы алешемдиктерди иликтөөгө алды. Коомчулукта мамлекеттик кызмат орундарга көрсөтүлгөн кадрлардын көпчүлүгү кесиптик даярдык, ишбилгилик жана тазалык сыяктуу талаптардан алыс деген сын-пикир күч.
Камактагы оппозициячылардын туугандары, тарапкерлери, жарандык активисттер Бишкектеги Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин алдына чыгышып, аларды бошотууну талап кылышууда. Чогулгандар абактагылардын сүрөттөрүн жана "боштондук берилсин" деген ураандарды көтөрүп турушат.
Жыйырманчы Хутор деген ат менен белгилүү болгон “Восточное” айылын көбү биле беришпейт. Бул айылдын эт өндүрүмүн уламыш кылып, Кыргызстан гана эмес Казакакстанда да айтып жүрүшкөнү белгилүү. 20-Хутор кайда жайгашканын билишбесе да өндүрүлгөн этин бренд катары жакшы кабыл алып жүрүшөт. Мына ошол Во
65 жаштагы Разия Өсөрова Баткен районундагы Көк-Таш айылын 20 жылдан бери башкарат. Ал эркектер менен тең жарыша чек араны коргоп келет. Коңшулар менен болгон чыр-чатактар ансыз чечилбейт.
“Каректе Евразия” телепрограммасынын бул жолку чыгарылышында Орусия Жогорку сотунун Крым татарларынын Межлисин жойгон чечимине Украинанын каршылыгы, Бабий Яр трагедиясынын 75 жылдыгы, Казакстанда абактагы аялды зордуктаган майордун соттолушу, Тажикстандагы айыл шаарлардын аттарын тажиктештирүү а
Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришкендей, жакынкы күндөрү кыргыз-казак чек арасындагы "Токмок", "Актилек", "Кеңбулуң", "Чалдыбар" өткөрүү бекеттеринде оңдоп-түзөө иштери башталат. Буга байланыштуу аталган бекеттер кезек-кезеги менен убактылуу жабылып турат. Биринчилерден болуп "Токмок" бекети ж
Бишкек шаарынын тургуну Роза Эрмурзаеванын майып эгиз уулдары эми мектепке барат. Билим алуну самаган эгиздер өздөрү курактуу балдардай эле оюнкараак жана зээндүү.
Кырчын жайлоосунда негизинен ат оюндары, жаа атуу, куш салуу боюнча мелдештер өтүп жатат. Жайлоодо театрлаштырылган оюн-зооктор да болуп жатат. Экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюну 3-сентябрда Ысык-Көлдө башталган. Ага дүйнөнүн 40 өлкөсүнөн келген спортчулар катышууда.
Көчмөндөр оюндарынын ачылышы
Ысык-Көл облусунун Тасма айылында келиндер чөптөн самын жасашат. Бир айда 1000ге жакын самынды колго жасап чыгарышат. Жергиликтүү жашоочулар аларга жардам катары чөптөрдү арзан сатат.
Кыз ала качууну оор кылмыш катары киргизип, жоопкерчилигин күчөткөнү менен бул маселе дагы деле жоюлбай келет. Ала качуунун айынан миңдеген тагдырлар талкаланып, айрым учурда өз жанын кыйгандар да толтура. Ар кандай изилдөөлөргө таянсак өлкөдө жылына 12 миңдей кыз ала качууга дуушар болот. Ошол миңд
Дагы жүктөңүз