Айсалкын Качкынбекова "Азаттыктын" Ысык-Көл облусундагы кабарчысы, Эл аралык Кувейт университетинин журналистика факультетин 2016-жылы аяктаган.
Каракол шаарынын тургуну Дилбара Муратова аарыларды жасалма уруктандыруу ыкмасы аркылуу көбөйтүүнү көздөп жатат. Ал балдын сапатын жана көлөмүн арттыруу үчүн аарыларга кам көрүп, анын түрлөрүнө изилдөө жүргүзүү зарылдыгын белгилейт.
Талас шаарында жөө жүргүнчүлөр өтүүчү тилкеден балдарын жетелеп өтүп бараткан 31 жаштагы келинди жана анын уул-кызын өлтүрө сүзгөн айдоочу кармалды. Жүрөк үшүн алган кырсык 23-октябрда эртең менен шаардагы мектеп жана бала бакчанын жанында болду.
Таласта талаада кой жайып жүргөн баланын видеосу боюнча териштирүү жүрүп, бир катар жагдайлар ачыкка чыкты. Анткен менен окуя балдардын эмгекке күчтөп тартылып, укугу бузулуп жатканын эске салды.
Балыкчыда Марат Акатовду тааныбаган киши жок. Кайсы жерде адилетсиздик, чындык чырылдап жатса ошол жерден аны таппай коюуга мүмкүн эмес. Өзүн жарандык активист атаган Акатовдун өмүр таржымалы дагы кызыктуу.
Ысык-Көлдө туристтик сезон ачылганына бир ай болду. Жергиликтүүлөр быйыл аба ырайы жаанчыл болуп, эс алуучулардын саны аз болуп жатканын айтууда. Демейде орун жок болуп калчу конок үйлөрдүн арасында азыр бош тургандары да бар.
Ысык-Көлдө кулпунай, малина карагат өстүргөндөр көбөйдү. Дыйкандар соңку жылдары картошка эмгекти актабай калгандыктан кирешенин башка булактарын издей баштаган. Кулпунайдын арты менен айыл тургундары жумушка тартылып, тапкан акчалары күнүмдүк чыгымдарын жаап жатат.
Өткөн аптада Ысык-Көл облусунда саркынды сууларды тазалоочу жайлары жок экологиялык талаптарга жооп бербеген 12 пансионаттын ишине тыюу салынды.
Чет өлкөлүк жарандарга Ысык-Көлдүн аймагынан мүлк сатып алууга уруксат берген мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш экинчи окууда кабыл алды.
Кыргызстанда уран казууга жол ачкан мыйзам долбоору 29-майда Жогорку Кеңеште көпчүлүк добуш менен биринчи окуудан өттү.
Мамлекеттик курулуш агенттиги Ысык-Көлдүн жээгиндеги мыйзамсыз курулуштар буздуруларын жарыялады. Көл жээгинде уруксатсыз деп табылган бир нече обьект түрттүрүлүп, айрымдарына эскертүү берилди. Анткен менен айрым ишкерлер бийлик органдары "эскертүүсүз эле имараттарды бузуп жатат" деп нааразы.
Ысык-Көлдүн Ак-Суу районунун тургуну Бакытбек Мамбетов гидропоникалык ыкманы өздөштүрүп жатат. Сүт багытындагы уйларды багып жаткан фермер соңку жылдары кургакчылыктан улам чөп аз болуп жаткандыктан тоюттун жаңы түрүнө кызыга баштаган.
Түп районунун тургуну, 18 жаштагы келин төрөттөн каза болду. Маркумдун жакындары буга медиктерди айыпташууда. Дарыгерлер болсо келин кош бойлуу кезинде каттоого кеч турганын, толгоо башталган күнү ооруканага дене табы көтөрүлүп келгенин билдирди.
Ысык-Көлдүн Корумду айылында ветеринардык дарыгерлердин үй-бүлөсү жашайт. 35 жыл бою мал доктур болуп иштеген Баякеевдерди Түп районунда дээрлик баары тааныйт.
Ысык-Көлдүн Каракол шаарынын жолдору толук оңдолуп бүтүп калды. Жаңы салынган жолдун четине бетон арык жасалган. Тургундар борбордук көчөлөрдүн бириндеги бул лотоктордун кар менен кошо эрип, үбөлөнүп бузулуп жатканына нааразы болууда. Маалыматка караганда лотоктун ар бири 2760 сомдон сатып алынган.
Бутуңузга каз таман жабдык байланып, тоого чыктыңыз беле? Калың карды жиреп баскан туризмдин бул түрүн өнүктүрүү аракети башталды. "Азаттыктын" кабарчысы Швейцариядан келген гид баштаган топ менен тоого чыгып келди. Адистер Ысык-Көлдө туризмдин бул түрүн жайылтуу маанилүү экенин белгилешет.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы кармап, кийин үй камагына чыгарган “Тон Манжылы Сервис” ишканасынын башкы директору Мирбек Исмаилов 13-мартта үйүнөн асынып каза болду.
Эльза Токтобаева Чолпон-Ата шаарынын тургуну. 50 жылдан бери жылдын кайсы мезгили болбосун көлгө түшүп, көнүгүүлөрдү жасап, ден соолугуна кам көрөт. Ал ушул тапта 21 км марафонго даярдык көрүп жүрөт. 68 жаштагы каарманыбыз Ысык-Көлгө, жаратылышка кам көрүп, шаар тургундарына жардам берүүгө даяр.
Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Шахты-Жыргалаң айылында кар көчкү басып каза болгон төрт туристтин тек-жайы такталды.
Ысык-Көлдө кышкы туристтик сезон аяктап бара жатат. Борбор Азиядан тарта Европа өлкөлөрүнөн туристтер кышкысын Караколго лыжа тепкени келишет. Жергиликтүүлөр быйыл кар аз болуп, сезон жылдагыдан кыска болгонун айтып жатышат.
Былтыр сентябрда ооруканада көз жумган Үмүт Турдукееванын өлүмүнө байланыштуу 7-февралда Ысык-Көлдөгү Ак-Суу райондук ооруканасынын үч дарыгери кармалып, эки күндөн кийин үй камагына чыгарылды.
Дагы жүктөңүз