"Азаттыктын" Бишкек бюросунун видео-журналисти. 2022-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетин аяктаган.
2019-жылы Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районундагы Саруу айылдык кеңешине депутаттарды мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтүп, 79 талапкердин ичинен 21 киши мандат алган.
Кремль Украинага кол салууга буйрук бергенден бери орус абактарынан кан күйгөн кармашка айдалган ондогон борборазиялыктар бөтөн эл, бөлөк жерде ажал тапты. Темир тордон чыгып, эңсеген эркиндикке жетерин элестеткендер "Вагнердин" азгырыгына оңой эле кирген. Айрымдары басымга кабылган.
Бишкекте Орозобеков көчөсүндөгү базарда курулуш материалдары сатылган үч дүкөн, пластик терезелерин чыгарган эки цех жана кийим-кече сатылган бир контейнер өрттөнүп кетти. Өрттүн жалпы аянты болжол менен 800 чарчы метрди түздү.
Ысык-Көлдүн тескей жээги илгертен эле кол өнөрчүлөрү, усталары, салттуу маданияттын сактоочулары менен таанымал. Аймакта акыркы жылдары ошол салттуу кол өнөрчүлүктү этно-стилдеги конок үйлөргө колдонуп, ишкердикке өткөн айымдардын саны артты.
16-июлда Ош шаардык соту блогер Улукбек Карыбек уулунун кармалышынын мыйзамдуулугун жана анын бөгөт чарасын карады. Судья тергөөчүнүн өтүнүчүн жокко чыгарып, блогерди эч жакка кетпөө тил каты менен бошотту.
XI кылымга таандык Бурана мунарасын ондоп-түзөө иши аяктады. АКШнын каржылоосу менен эки жыл мурун башталган долбоордун алкагында мунаранын жаа-чачындан улам бузулган кароол аянтчасын, дубалдарын калыбына келтирүү, анын сейсмикалык туруктуулугун баалоо иштери аткарылды.
Бишкек жайкы аптапта сууга чаңкап турат. Суу башында турган өлкөнүн баш калаасы таза сууга зар болот деп ким ойлоптур? "Ким билет?" рубрикасында борбор шаардагы суу тартыштыгынын себептерин түшүндүрүп беребиз.
«Азаттык» Украинада уруш башталгандан көп өтпөй Кыргызстанда жана Казакстанда ачылган компаниялар Орусияга Батышта чыгарылган, санкцияга кабылган электроника товарларын жөнөтүп жатканын аныктап чыкты.
YouTube каналында 25 миллиондон ашуун катталуучусу бар D Billions чыгармачыл тобу Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата биринчи жолу Бишкекте жеке концертин өткөрдү. “Ала-Тоо” аянтына 30 миңден ашык көрүүчү келди. Чыгармачыл топ кийинки жылы дүйнөлүк турнеге чыгууну пландап жатышат.
28-майда Бишкектеги Ленин шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына кайра шайлоо болуп, алдыга чыккан Дамира Ниязалиева милицияга суракка чакырылса, штабында иштеген эки адам камакка алынды. Шайлоодо экинчи келген Улан Сариевге УКМК добуш сатып алуу фактысы менен кылмыш ишин козгоду.
Өткөн аптада Канттын жанында Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы жана Ички иштер министрлиги биргелешкен операция өткөрүп, коркунучтуу кылмышкер жок кылынганын кабарлады.
Президенттин администрациясы “Жалпыга маалымдоо каражаттары” жөнүндө мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Медиа эксперттер менен юристтер документ сөз эркиндигин чектеп, маалымат каражаттарын жапырт көзөмөлгө алат деп эскертүүдө. Мыйзам долбоорундагы коркунучтар жана тобокелчиликтер эмнеде?
Кыргызстанда турак жайдын жетишсиздиги аялуу катмардагы калктын өзгөчө көйгөйү болуп саналат. Бишкекте укук коргоо органдарынын ардагерлери бийликке кайрылып, мыйзамда белгиленген шарттарды аткарууну талап кылды. “Азаттык” үйгө муктаж жарандардын арыз-мууңун угуп, өкмөттүн түшүндүрмөсүн алды.
Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев зарылчылык болсо Конституция дагы өзгөртүлүшү мүмкүн экенин билдирди. Бул тууралуу ал Баш мыйзамдын кабыл алынганынын 30 жылдыгы жана анын айланасында талкуу жүрүп жаткан маалда айтты.
Бишкек шаарында 6-майда Журналисттер аллеясында сөз эркиндигинин дүйнөлүк күнүнө арналган ишембилик өттү.
Кыргызстан Кытай менен визасыз режим киргизүү боюнча сүйлөшүү жүргүзүүдө. Бишкек менен Бээжин азырынча визасыз каттамдын жол-жобосу жөнүндө толук маалымат бере элек. Айрым серепчилер кытай жарандарынын Кыргызстанга ээн-эркин кирүүсүнө шарт түзүүнүн тобокелдигин айтып, тынчсызданып атышат.
Апрелдин соңунда уул-кыздары Орусиянын абактарында отурган ондогон ата-эне Бишкекте акция өткөрүп, бийликке кайрылуу жолдогон. Анда “маңзат ташыган” деген айып менен соттолгон балдарын Кыргызстанга экстрадициялоого кыргыз бийлигинен көмөк сурашкан.
1-майдан тарта Кыргызстанда электр энергиясынын баасы 23 тыйынга кымбаттайт, башкача айтканда 1 сом болот. Өкмөт бекиткен тарифтик тутум 12 категориядан турат.
Орусиянын абактарында отурган кыргыз жарандарынын жакындары Бишкекте акцияга чыкты. Алар Украинадагы согушка мажбурлоо көбөйгөндүктөн эркинен ажыратылгандарды өз мекенине экстрадициялоону тездетүүнү суранды. Кыргызстандын миңден ашуун жараны орус абактарында жатат.
Ак таңдай акын Элмирбек Иманалиевдин обондуу ырларын камтыган “Булбулум, булбулум ай” деген китеп жарык көрдү. Тарых музейинде өткөн иш-чарада акындын обондуу ырлары жаңырып, чыгармачылыгына арналган көргөзмө уюштурулду. 20-апрелде өнөр ээсинин көзү өткөнүнө үч жыл толду.
Дагы жүктөңүз