"Азаттыктын" Ысык-Көл облусу боюнча кабарчысы. 2015-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин журналистика факультетин аяктаган.
Австралиялык дарыгер Николас Вулфилд Кыргызстанга келгенине эки жылдан ашты. Ошондон бери Ысык-Көлдүн Ак-Суу районундагы балдар реаблитация борборунда ара төрөлгөн жана шал оорулуу балдарды жаңы ыкма менен дарылап келатат. Өмүрүн медицинага арнаган Николас пенсияга чыккандан кийин Кыргызстанга кели
Ысык-Көл районунун Бостери айылында майып балдарга билим берүүчү коррекциялык класс ачылды. Аны ачуу үчүн айыл тургуну долбоор жазып, Швейцария өкмөтүнөн 2 миллион сомдук каражат утуп алган. Райондо майып балдарды окута турган алгачкы атайын класста Бостериден башка айылдагы балдар да билим алышат.
Чыңгыз Айтматовдун таятасы Хамза Абдувалиев өткөн кылымдын башында Каракол шаарында жашаган колунда бар адамдардын бири болгон. Ишкер соодагер атыккан Хамза Караколдо ошол кездеги мыкты имараттарды биринчилерден болуп курган адам болгон. Совет бийлиги орногондо кулакка тартылган Хамза соодагердин аз
23-ноябрда каза болгон Барскоон айылынын христиан дининин иса машаякчылар ишениминде жүргөн 48 жаштагы тургунун айылдагы мусулмандар көрүстөнүнө коюуга жергиликтүүлөр каршы чыгышкан.
Барскоон айылында кайтыш болгон маркумдун сөөгү Кажы-Сайдагы баптисттер көрүстөнүнө коюлмай болду.
"Азаттыктын" дубандагы кабарчылары көчө кыдырып, кыргызстандыктар жаңы ишке келген президенттен эмнени күтөрүн сурашкан. Көбү жол көйгөйүн чечерине үмүттөнсө, башкалары чек ара маселесинин чечүүнү айтышат.
Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылынын 40 жаштагы тургуну Гүлзат Төрөгелдиева эки кыздан кийин эркек төрөй албаганы үчүн үйүнөн куулган. Азыр эки кызы менен батирде турат. Төрөттөн кийин тыңый албай, инсультка кабылган Гүлзат эми араң басып, 1-топтогу майып да болуп калган.
Ак-Суу районундагы Боз-Учук айылындагы мектептин 9-классынын окуучусу Улан Токтосунов төкмө акындардын таймаштарына катыша баштады. Ал бала кезинен бери акын болууну кыялданып, ыр –күү ыргагы менен жашап келет.
Караколдогу медициналык колледждин жетекчиси былтыр өз үйүндө 23 жолу бычак жеп каза тапкан.
Чолпон-Атада тез жардам унаасында баратып, жол кырсыгынан каза болгондордун жакындары нааразылык акциясына чыкты. Алар Ысык-Көл райондук сотунун жана райондук милициянын алдына барып, адилеттүү чечим чыгарууну талап кылышты. Маркумдардын туугандары күнөөлөнүп жаткан адам жеңил жаза алып калышы ыктым
Чолпон-Атадагы жол кырсыгында каза болгондордун жакындары нааразылыгын билдирип чыгышты.
Ысык-Көлдүн Ак-Суу районунун Отрадное айыл аймагында малдан кутурма ылаңы чыгып, айылда карантин жарыяланып, учурда болгон мал-жандыктарды дарылап жатышат. Ветеринарлар кутурма ылаңы көбүнчө жапайы жырткычтардан жугуп жатканын болжошууда.
Ысык-Көлдүн Бостери айылына, көл жээгине алгачкы амфитеатр ачылды. Ал маданий жай “Дордой” ассоциациясынын президенти Аскар Салымбековдун жеке демилгеси менен салынды. Театр көчмөндөрдүн жашоосун элестеткен этностиль менен жасалган. Театрдын долбоорун түзгөн жана курган архитектор, коомдук ишмер Та
Электр тогу менен иштеген тегирмендин унуна караганда суу тегирмендин унун жактырган айылдыктар суу тегирмендин талбай иштешин каалашат.
Ысык-Көл облусунун аймагындагы дыйкандар мөмө бактары ооруп жатканын айтышууда.
Чолпон-Ата шаарынын 22 жаштагы тургуну Таалай кызы Канышай шаршембиде үч эмди операция жолу менен төрөдү. Ымыркайлардын экөө кыз, бири уул. Шаардын 25 жаштагы тургуну Искен Койгелдиев менен Канышай мындан бир жыл мурда үйлөнгөн.
Каракол шаарындагы облустук оорукананын Гемодиализ борборунун аппараттары эскилиги жетип, утур-утур бузулуп, бейтаптарды да, дарыгерлерди да беймаза кылууда. Бейтаптар канын тазалатуу үчүн Балыкчыга же Бишкекке байма-бай каттоого аргасыз болуп жатышат.
Ак-Шыйрак айылы деңиз деңгээлинен 3200 метр бийктикте жайгашкан. Бийик тоолуу алыскы айылда жүзгө жетпеген түтүн жашайт.
Жалпы коомчулукту ойлондуруп турган ушул маселе боюнча “Азаттыктын” жер-жерлердеги кабарчылары жарандарга “Талапкерлердин баарын тааныйсызбы? Тандоодо кайсыл маселе сизге баарынан маанилүү? деген суроо узатып кайрылды.
Каракол шаарында "Ривер парк" ачылды. Шаарды аралап өткөн суунун жээгинде эс алуу багын "Каракол дестинациясы" коомдук уюму USAID уюмунун "Жергиликтүү бизнести өнүктүрүү демилгеси" долбоорунун каржылык колдоосу менен уюштурду.
Дагы жүктөңүз