"Азаттыктын" Ысык-Көл облусу боюнча кабарчысы. 2015-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин журналистика факультетин аяктаган.
Эгемендүүлүктүн 26 жылдыгына карата Ысык-Көлдүн Чолпон -Ата шаарындагы ат майданда беш күндөн бери өтүп жаткан “Манас оюндары- 2017” улуттук ат оюндары көк бөрү менен жыйынтыкталды. Көк бөрүчүлөр президенттин кубогу үчүн да ат салышты.
Үч кун, үч түн Манас айтуу Жанек баатырдын 200 жылдыгын белгилөө боюнча өкмөттук иш-чаранын алкагында уюштурулган.
10 жаштагы балага сексуалдык ыдык көрсөттү деген шек менен 26 жаштагы жигит камакка алынды.
Жайкы эс алуу башталгандан бери Ысык-Көлдөгү эс алуучулардан 54 арыз-даттануу түштү.
“Алтай цивилизациясы жана алтай тилдүү тектеш элдер” деп аталган эл аралык форумдун алкагында бүгүн Ысык-Көл облусунун Чоң-Сары-Ой айылындагы Курманжан Датка атындагы көчмөн цивилизациясы борборунда “Алтай конушу” көргөзмөсү ачылды. Көргөзмө алтай элдеринин каада-салтын, жашоо-турмушун чагылдырган с
Этнофестиваль “Тескей жээк” деп аталып, анда кыргыз элинин эзелтен келе жаткан оюндарын, каада-салттарын, тамак-аштарын элге кеңири тааныштыруу максаты алдыга коюлду. Фестивалды уюштурган жергиликтүү ишкерлер менен USAID уюмунун ишкерликти колдоо долбоорунун өкүлдөрү чет өлкөлүк туристтерге улуттук
Түп районуна караштуу Чоң Тогузбай айылында окуучулар өзүлөрүнүн чакан маалымат борборун иштетет.
Жаңы төрөгөн аял дарыгерлер эгиздин түгөйүн алып коюшу мүмкүн деп шек санап жатат. Ал эми дарыгерлер аппарат жаңылыш көрсөтүшү ыктымалдыгын, төрөт маалында аял эс-учун жоготпогонун айтууда.
Балыкчыда эгиз баланын бири төрөт учурунда жоголду деген арыздын негизинде иш козголду.
Ысык-Көл облусунун борбору Каракол шаарында “Кылым карыткан кыргыз кереметтери” этнофестивалы кыргыздын кол өнөрчүлүгүн жана улуттук тамак-аштарын көрсөтүү менен башталды. Ага аймактагы бардык райондордогу, шаарлардагы кол өнөрчүлөр, маданий кызматкерлер жана кыргыздын каада-салт, үрп-адат, маданият
Ананьево айылындагы газ куюучу станцияда болгон жарылууга байланыштуу кылмыш иши козголду.
Дүйшөмбү күнү Ысык-Көлдүн Ананьево айылында болгон жарылууга байланыштуу иш козголду.
Ысык-Көл районундагы Ананьево айылында газ сатуучу жайда газ баллондор жарылып, андан эки адам мерт болду.
Түп районундагы Каркыра айылынын окуучулары мурунку мончодо окушат.
Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция Ысык-Көлдөгү эс алуу жайларын текшерди. Анын максаты - жайкы эс алууга даярдыктар менен коопсуздук чараларын текшерип, кызмат көрсөтүүгө уруксат берүү.
13-майда Чолпон-Атада СССРдин спортуна эмгек сиңирген чебер Сатымкул Жуманазаровдун жаркын элесине арналган Run the Silk Road аттуу эл аралык марафон өттү. Уюштуруучулардын айтымында, ага Орусия, Казакстан жана Европанын айрым өлкөлөрүнөн, Кыргызстандан 18 өлкөнүн эки миңден ашуун өкүлдөрү катышты.
Өзгөндө болгон жер көчкү Кыргызстандын бардык жеринде коопсуздук чараларын күчөтүү зарылдыгын күн тартибине койду. Мындай аракет Ысык-Көл облусунда башталып, жер кыртышын бекемдөө үчүн бак - дарактар отургузула баштады.
10-майда Каракол шаарындагы зоопарктан чыгып, көчөнү аралай качкан бөлтүрүк адамдарга кол салбасын деп атып өлтүрүлдү.
"Кыргызстандын бермети" аталган Ысык-Көлдүн боюндагы Каракол шаарынын айланасы таштандыга толуп, андан чыккан жагымсыз жыт туристтерди качырууда. Туристтик мезгилге даярдык көрүү максатында шаар бийлиги калааны таштандыдан арылтууга киришти.
Ысык-Көлдө "ITF-Ысык-Көл" жармаңкеси өткөрүлүп, аны менен кошо жайкы туристтик мезгил расмий ачылды. Бул иш-чара Бактуу-Долоноту айылындагы ат майданда өтүп, анда 100дөн ашуун эс алуу жайлары менен туристтик компаниялар эс алууга даяр болгонун жарыя кылышты.
Дагы жүктөңүз