"Азаттыктын" Ысык-Көл облусу боюнча кабарчысы. 2015-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин журналистика факультетин аяктаган.
Ак-Суу районундагы Кайыңды жайлоосуна бир метрден ашык кар жаап, малчылар менен байланыш үзүлдү.
Ысык-Көлдүн Жыргалаң көмүр кенинде дайынсыз болуп жаткан эки адам аман-эсен табылды. Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна Жыргалаң айыл өкмөтүнүн башчысы Талгат Мукалаев кабарлады: - Саат 10до табылды. Жаңы чыгардык. Өзүлөрү басып чыкты. Тирүү. Баары жакшы. Азыр медиктер карап чыгат. Бири-бирибизди куттуктап жатабыз. Мукалаевдин белгилешинче, алар 42 сааттан бери белгисиз болуп жаткан.
Тоң районундагы Бөкөнбаев айылында 22-апрелде этно-маданий туризмди өнүктүрүү максатында туристтик жармаңке болду. Аны Тоң райондук администрациясы, Салбуурун федерациясы жана Тоң дестинациясы уюму алгачкы ирет уюштурду. Жармаңкеде кыргыз элинин унутта калып бара жаткан салт- санаасы, улуттук оюнд
Жапон кызы Ала-Тоо койнуна келип, келин болгонуна кубанычы чоң. Юко кыргыздар менен жапондордун маданиятын айкалыштырып, оокат кылып келет.
Ысык-Көлдүн Ак-Суу районундагы Тепке айылынын К.Жантөшев атындагы орто мектебинин окуучулары жарым кылымдан бери жаңы мектепке жетпей убара. Айылдагы 11 жылдык мектепте 180 окуучу сегиз бөлмөлүү имаратта тыгылып окушат.
Жети-Өгүз районунун Саруу айылында облустук деңгээлде көк бөрү оюну өтүп жатат. Бул оюнга облустун беш районунан келген 12 тайпа күч сынашууда. Оюн эки күнгө уланат.
Кыргыз коомчулугу акчаны кантип табат жана аны кандай максаттарга жумшайт?
Ысык-Көл районунун Тору-Айгыр айылында, Балыкчы-Каракол автожолунун 26-чакырымындагы камыш жана чычырканак токою 18-мартта өрттөнүп кетти. Алты гектар жерге жайылган тилсиз жоону райондук өрт өчүрүү жана токой чарба кызматкерлери өчүргөн. Социалдык тармактарда токой көл жээгине пансионат салуу үчүн
Каракол шаарында оор күнгө, түрдүү турмуштук кыйынчылыктарга кабылган аялдарга убактылуу баш паанек берген кризистик борбор ачылды. Аны ачууга облустагы аялдарга, кыз-келиндерге карата болуп жаткан үй-бүлөлүк зомбулуктар, басмырлоолор түрткү болгон.
Кыргызстандын аймактарында спорттун кайсы түрүнө көбүрөөк кызыгышат?
Ысык-Көлдө жайы-кышы дебей жол боюнда маал-маалы менен жүгүрүп,велосипед тээп, машыгып жүргөн спортсмендерди баарыбыз эле көрөбүз. Алар көбүнчө тыштан, коңшу КМШ өлкөлөрүнөн келген спортсмендер. Алар эмне себептен машыгуусун көл бойлой өткөргөндү тандап алышат?
Ысык-Көл районунун Бостери айылында 94 жаштагы карыя өз үйүнүн чатырына китепкана-музей ачкан.
АКШдан келген паралимпиада сноубордчусу Дастин Флеминг Каракол шаарындагы жана калаага жакын айылдардагы балдарга акысыз машыгуу өткөрдү. Ал жердеги окутууларга колу жука үйлөрдө чоңоюп жаткан жана ата-энеси жок балдар тандалган.Тийиштүү жабдуулар менен АКШнын Кыргызстандагы элчилиги камсыздап берге
Балыкчы шаарында маданият кызматкерлеринин абалы кандай?
Ысык-Көл районунун Өрнөк айылында арак-шарап сатуу токтотулду. Өткөн апта соңунда айылдык активисттер жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен кошо дүкөндөрдө сатылып жаткан алкоголдук ичимдиктерди топтоп, кыштактын четине төгүп, жок кылышты.четине төгүп, жок кылышты. Бул жагдай интернетте тал
Балыкчы-Корумду жолун куруп жаткан жумушчулар айлык берилбей жатканына нааразы болуп митингге чыгышты. Чолпон-Атадагы “Лонг-Хай” компаниясынын имаратынын алдына элүүдөн ашуун адам топтолуп, маселени чечип берүүнү талап кылышты.
Ысык-Көлдүн Түп районунда балык уулоого чыгып, көлгө чөгүп кеткени айтылган эки киши табыла элек. Ал арада жакындары, айылдаштары Өзгөчө кырдаалдар министрлигине нааразы болушууда. Алар издөө-куткаруу иштери жакшы жүрбөй жатканын айтып, жол тосоорун билдиришкен.
Түп районундагы Балбай айылында ачылганына бир жыл боло элек жаңы мектептин дубалдары көгөрүп кетип, окуу убактылуу токтоп турат. Жергиликтүү жетекчилик себебин түшүнө албай турганда имаратты курган ишкана мектеп өзү нымдуу жерге жайгашканын айтып чыкты.
Жети-Өгүз районунун Ак-Дөбө айыл өкмөтүнүн тургуну Самат Касымалиевдин демилгеси менен айылга кичи бут кийим тигүүчү цех ачылган. Ошентип жергиликтүү бийликтин көмөгү менен азыр айылда муниципалдык чакан ишкана пайда болду. Самат сапаттуу бут кийим тигип, ата мекендик брендди көтөрүүнү максат кылат.
Дагы жүктөңүз