"Азаттыктын" Бишкектеги журналисти, "Бүгүн Азаттыкта" жаңылыктар программасынын алып баруучусу.
Ошто өзүн атып алып, көз жумду делген жоокердин энеси президентке кайрылды. Жапаров менен Ташиевдин базарларга байланыштуу соңку билдирүүлөрү ишкерлерди кооптондурууда. АКШнын Сенаты Украина жана Израилге аскердик, Газага гуманитардык жардам берүүнү караган мыйзам долбоорун колдобой койду.
Украин президенти Владимир Зеленскийдин америкалык сенаторлорго кайрылуусу болбой калды. Cот жарандык активист Олжобай Шакирге айыбын угузду, жазуучу аны четке какты. Президент Садыр Жапаров митингдер токтобосо базарларга тышкы башкаруу киргизилерин билдирди.
АКШ менен Улуттар уюмунун карапайым тургундарды коргоо чакырыктарына карабай, Израиль армиясы Газанын түштүгүнө абадан сокку урду. Жыйынтыгында ондогон палестиндер набыт болду. Базардагы соодагерлерге июль айына чейин патент менен иштеп турууга уруксат берилди.
“Дордой Моторс” базарынын соодагерлери ККМге каршы акцияга чыкты. Соңку нааразылык акцияларынан кийин президент Жапаров атайын комиссия түздү. Сот активист Ырыс Жекшеналиевди актады. Орусия Украинанын аймагына 23 жолу "Шахед" дрондору менен чабуул койду.
Кыргызстанда 2023-жылдын 1-декабрына карата 13030 кишиде адамдын иммундук жетишсиздик вирусу (ВИЧ) аныкталды. Алардын 12 272си кыргызстандыктар, калганы чет өлкөнүн жарандары.
Газа тилкесинде согуш уланууда. Бээжинде Араб өлкөлөрүнүн дипломаттары чогулуп, Газадагы кырдаалды талкуулады. Сокулукта таза суу талап кылып чыккан активисттерге өкүм чыкты. Орус армиясы Украинанын Херсон шаарын артиллериядан аткылады. Кыргызстанда жаңы төрөлгөн эки ымыркай көчөдөн табылды.
Израил Газада операциянын жаңы баскычы башталганын жарыялады. БУУ Газа тилкесин ачарчылык капташы мүмкүн экенин эскертти. Прокурор блогер Ырыс Жекшеналиевди жети жылга камоону соттон суранды. Бишкекте таза суу талап кылган акцияда кармалгандардын иши сотто каралды.
Кримтөбөл Көлбаевдин "өкүл атасы” делген Азим Ройго издөө жарыяланды. Буга чейин Рой менен президент Жапаров жана мурдагы депутат Түмөнбаевдин чогуу түшкөн сүрөтү кызуу талкууга түшкөн эле. Америка менен Кытайдын лидерлери аскердик мекемелер ортосундагы байланышты калыбына келтирүүнү макулдашты.
Кыргызстанда паранжы кийип, узун сакал коюууга тыюу салган мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Израил армиясы Аш-Шифада ХАМАС радикал тобунун согушкерлерине каршы операциясын баштады. Миңдеген киши турган ооруканада абал адам чыдагыс экени кабарланды. Донецк облусу ракета чабуулуна кабылды.
Газадагы Аш-Шифа ооруканасын израилдик танктар курчаганы кабарланды. Ош шаардык кеңеши мэр Жетигеновго ишенбөөчүлүк көрсөттү. Астанада экс-министрдин аялынын өлүмүнө байланыштуу дагы бир киши камалды. Асел Ногойбаеванын мурдагы күйөөсүн пробацияга бошоткон сот Кыялбек Токтомаматов кызматтан алынды.
Газа тилкесиндеги ири "аш-Шифа" ооруканасы аба соккуларынан катуу жа0быркады. Абактагы оппозициялык саясатчы Мадумаровдун абалы начар экенин адвокаты билдирди. "Айчүрөк" соода борборунун ээси Анвар Габбазовго эл аралык издөө жарыяланды. Кыргызстанда кызылча илдети жайылууда.
Газада Израилдин чабуулу уланууда. ХАМАС радикал тобунун делегациясы Москвада орус бийлиги менен жолукту. Атайын кызмат "КЖ групп" курулуш компаниясынын ээси Имамидин Ташов камалганын билдирди. Милиция бомба коюлганы тууралуу жалган билдирүү берген деген шек менен 19 жаштагы жигитти кармады.
Израил Газага абадан сокку урганды күчөттү. Бишкекте ШКУга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын жыйынында 14 документке кол коюлду. Кыргызстандын АКШдагы элчилигинин алдында активисттер акция өткөрдү. Абактагы оппозициялык саясатчы Адахан Мадумаров ооруканага которулду.
ХАМАС радикал кыймылы барымтадагы эки улгайган аялды бошотту. Жыл башынан бери Сириядан Кыргызстанга 49 аял, 105 бала кайтарылды. Алар бир нече айлык реабилитациядан кийин үйлөрүнө жиберилди. Нарында соодагерлер патент системасын калтырууну талап кылууда.
Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин ачык билдирген 20дан ашуун саясатчы, активист жана укук коргоочулардын кармалганына толук бир жыл болду. “Кумтөр Голд Компани” мурдагы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүктүн иши сотко өттү. Израил армиясы ХАМАСка шарт койду.
Украинанын бир катар облустары «Шахеддердин» чабуулуна дуушар болду. Орусиянын Курск облусунун бийлиги дрон чабуулунан бир нече район жарыксыз калды. Немис өкмөтү мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү боюнча Кыргызстан, Өзбекстан, Грузия, Молдова, Кения жана Колумбия менен келишим түзөт.
Бишкекте “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев жок кылынды. Бул туурасында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет маалымат таратты. Челябинскинин Кременкуль айылында мурдагы вагнерчилер жана Украинадагы согуштун катышуучулары мигранттарга каршы кайгуул топторун түздү.
Кыргыз-тажик чек арасы боюнча жаңы протоколго кол коюлду. Евробиримдик Украинага узак мөөнөөтүү колдоо көрсөтүлөрүн ишарат кылды. Кыргызстандын мунай ташуучулары май таңкыстыгы жаралышы мүмкүн экенин эскертүүдө. АКШда Трамптын үй-бүлөсүн алдамчылыкка айыптаган иш боюнча сот башталды.
Асел Ногойбаева укук коргоо органдарына бир канча жолу кайрылып, эч кандай чара көрүлбөгөнүн айтып чыкты. Берлинде тажик президенти Рахмондун режимине каршы акцияга чыккандардын туугандары кармалды. Орусиянын Амур облусунда мигранттарга каршы рейддер жүрдү.
Дагы жүктөңүз