"Азаттыктын" Бишкектеги журналисти. "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. 2009-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.
Сириядагы согуштун очогу болуп жаткан Алепподо ондогон көтөрүшчүлөр видео кайрылуу жасап, оппозициялык жаңы коалицияны колдобой турганын билдиришти.
АКШнын Борбордук чалгын кызматынын башчысы генерал Петреустун никеден тыш байланыш куруп, “ала жипти аттаганы” үчүн кызматын тапшырганы дүйнө коомчулугунда саясий ишмерлер, мамлекеттик жетекчилердин үй-бүлө баалуулуктары менен моралдык жүрүм-туруму жөнүндө талкууга жем таштады.
АКШ президенти Барак Обама Түштүк-Чыгыш Азия чөлкөмүнө болгон сапарында Бирманын оппозиция лидери Аун Сан Су Чжинин үйүнө баш бакты.
Би-Би-Си корпорациясынын “Ньюснайт” көрсөтүүсүндө олуттуу ката кеткени үчүн мекеменин башкы директору жана жооптуу кызматкерлери иштен кетти.
Президент Путин коргоо министри Анатолий Сердюковду кызматтан бошотуп, анын ордуна Москва облусунун губернатору Сергей Шойгуну дайындады.
Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Сирия маселеси боюнча Египетте бир нече сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, оппозицияга болушуп жатат деп батыш өлкөлөрүн айыптады.
Бул орусиялык МТС уюлдук операторунун өзбек бийлиги менен тил табыша албай калганынан улам деп боолгонууда.
“Сэнди” ураганы АКШда 72 адамдын өмүрүн алып, Нью-Йорк жана Нью-Жерси штаттарында олуттуу кыйроо жаратты.
Вашингтондогу кыргыз элчилиги АКШнын «Сэнди» бороону каптаган штаттарында жашаган кыргызстандыктар менен байланышта болду. Бороон жана суу ташкындан жабыркаган кыргызстандыктар жок. "Азаттык" телефон аркылуу Кыргызстандын АКШ жана Канададагы элчиси Муктар Жумалиев менен кабарлашты.
Тажикстандын Шахритуз райондук соту Сибгат карыянын алты уулун атасына ай сайын алимент төлөөгө милдеттендирди. Өздөрү жакшы турмушта жашап, бизнесте жүргөн уулдары энеси кайтыш болгондон кийин атасына таптакыр каралашпай коюшкан экен.
Бороон аралаш суу ташкын АКШнын түндүк-чыгышында электр зымдарын кыйратып, 6 миллиондой адам жарыксыз калды.
Украинадагы парламенттик шайлоодо оппозиция бийлик түрдүү жолдор менен добуш уурдады деп даттанды.
Жарандык активисттер казак түрмөлөрүндө эркектерге караганда аялдар көбүрөөк кордолоорун айтып чыгышты.
АКШнын Нью-Йорк шаарында борбордук банкты жардырууну көздөгөн 21 жаштагы бангладештик тургун камакка алынды.
АКШнын мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон өткөн айда Ливияда америкалык дипломаттардын өмүрүн алган окуяда коопсуздукту камсыздай албаганын мойнуна алды.
Пакистандын Сват өрөөнүндө талип жоочуларынан башына ок жеген 14 жаштагы кызга операция ийгиликтүү жасалды.
Пакистандын жана Ооганстандын президенттери БУУнун Башкы ассамблеясынын жыйынында “Бейкүнөө мусулмандар” тасмасын катуу айыпташты.
Грузиянын түрмөсүндөгү кордукту ашкере кылган абак кызматкери Бельгияда качып жүргөн жеринен үн катты.
Бир нече мусулман өлкөлөрүндө АКШлык жеке продюсер тарткан “Бейкүнөө мусулмандар” тасмасына каршы акциялар уланууда.
Орус президенти Владимир Путинди шайлоо алдында мактап ырдап атагы чыккан тажик мигранты Толибжан Курбанханов “кумирине” арнап дагы бир ыр чыгарды. Бул ирет ал Путиндин 60 жылдык мааракеси менен биринчилерден болуп бир ай мурун эле куттуктады.
Дагы жүктөңүз