"Азаттыктын" Бишкектеги журналисти. "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. 2009-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.
Батыш адистери ар бир үйдө компьютер пайда болгон азыркы чакта адамдардын кол жазмасы таптакыр бузулуп, калемсап менен жазууну эп көрбөгөн өзүнчө муун пайда болгонун айтышууда.
Түркиянын Стамбул шаарындагы маданий борбордо иштеген Абдулметин Кескиң Ван кыргыздары кыргыз бийликтеринен мугалим сурап кайрылышканын, бирок жооп боло электигин “Азаттыкка” айтты. (Жанар Акаевдин тасмасы.)
29-августта Лондондогу Стратфорд стадионунда Паралимпиаданын оту жанып, каныша Елизавета II майып спортчулар таймаша турган мелдешти ачык деп жарыялады.
Акжол Абдухалиев Microsoft корпорациясынын Сиэтлдеги кеңсесинде иштейт. Карапайым үй-бүлөнүн уулу атактуу корпорацияга кантип барып калды?
Президент Франсуа Олланд Франциянын тышкы саясаты боюнча жылдык сөзүндө Сирияга өзгөчө басым жасады.
АКШнын Флорида штатынын бийликтери тропикалык «Айзек» бороону жакындап келатканын эскертип, аймакта чукул кырдаал жарыялады. Аталган бороондун капшабы Куба жана Гаитиде бери дегенде 8 кишинин өмүрүн алды.
Издөөдө жүргөн Жаныш Бакиевди Минскиде көрүп, сүрөтү менен интернетке жарыялаган беларус активисти эми коркутуу катын алганын айтып чыкты.
Сириядагы жаңжалды токтотуу боюнча дүйнө лидерлери бир пикирге келе албай жатышат.
АКШ президенти эгерде Сирия армиясы химиялык куралдарды колдончу болсо, Кошмо Штаттар кырдаалга кийлигишүүгө аргасыз болоорун эскертти
18-августта “Рок-н-роллдун падышасы” аталган америкалык атактуу ырчы Элвис Преслинин сөөгү жерге берилгенине туура 35 жыл болот. Болгону 42 жашында дүйнөдөн өткөн Элвис "Heartbreak Hotel", "Hound Dog", "Love me Tender" жана башка ырлары менен атак-даңкка жетип, Америка маданиятынын символу саналган инсандардын бири болчу.
Курамына 57 мамлекет кирген Ислам кызматташтык уюму Сирияны катарынан чыгарып салды.
Орус-грузин согушунун 4 жылдыгына туташ эки тараптын расмийлери кайрадан кайым айтышты.
Түркиядагы “Кыргызстан достук жана маданият” коомунун башчысы Айбек Сарыгулов Стамбулдагы кыргыздардын ынтымагы жана жакында өтчү бизнес-форум тууралуу “Азаттыкка” маек курду.
Лондондо өтүп жаткан Олимпиада оюндарында Казакстан 204 өлкөнүн ичинен 9-орунда баратат.
Тажик бийлиги Тоолуу Бадахшандагы окуяны көбүртүп-жабыртууда деп, бир нече телеканалдарды жана сайттарды өлкөдө жаап салды.
Казанда муфтий Илдус Фаизди өз автоунаасында жардырып кетишти. Анын орун басары Валиулла Якуповду атып өлтүрүштү.
Өзбекстанда эң ири уюлдук компаниялардын бири “МТС-Өзбекстандын” иши 10 күнгө убактылуу токтотулду.
Пакистан 5-июлдан тарта НАТОнун күчтөрүнө Ооганстанга курак-жарак ташыган жолдорун кайрадан ачты.
Индияда жүргөн кыргызстандык эки аял жергиликтүү ишкерден акча талап кылган деп шектелип, учурда абакта отурушат.
Кара деңиз боюндагы Гонио деп аталган Грузиянын чакан айылынын тургундары Борбор Азия менен Түндүк Кавказдан барган сойкуларды чыгара албай убара.
Дагы жүктөңүз