"Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.
6-декабрда Азербайжанда оор атлетика боюнча Гран-при эл аралык турнири башталды. Кыргыз балбаны Азизбек Куйкеев Малайзиядан дүйнө чемпиону болуп кайтты.
Келаткан жылдын 24-январында Орусиянын Санкт-Петербург шаарында футболдон Шериктештер кубогу турнири башталат. Бул мелдешке Кыргызстандын жаштар командасы катышат.
4-декабрда Орусиядан кыргыз балбандары жеңиш менен келди. Казакстандан таэквондочулар 13 байге утту.
Кыргызстанда майып балдарды спортко тартуу иши көз жаздымда калып келген. Мындай жаштар үчүн атайын спорт жайлары, имараттар жокко эсе. Балдар менен иштөөнүн өзгөчөлүктөрүн билген спорт адистери да табылбайт.
1-декабрда Москвада бильярд боюнча Кремль кубогу жыйынтыкталды. 2-декабрда Бишкекте шахмат турнири башталды.
28-ноябрда Бириккен Араб Эмиратында дзюдо боюнча ардагерлердин дүйнө чемпионатынан кыргыз балбаны жеңип келди. Москвада бильярд боюнча "Кремль кубогу" таймаштары уланды.
26-ноябрда Орусияда өткөн гиря боюнча дүйнө чемпионатынан кыргызстандык спортчу күмүш байге утуп келди. Москвада бильярд боюнча Кремль кубогу таймаштары өтүүдө.
22-ноябрда Казакстанда тогуз коргоол боюнча Азия чемпионатында кыргызстандыктар дагы жеңишке жетип, бир нече медал утту.
21-ноябрда Орусиядан кармашып урушуу боюнча Азия чемпионатынан кыргыз жигиттери 4 медал утуп келди.
19-ноябрда Бишкекте футболдон Кыргызстан жана Азербайжан өлкөлөрүнүн курама командаларынын жолдоштук беттешүүсү болду.
Акыркы эки айда кыргызстандык эки спортчуну сабап кетишти.
12-ноябрда Нью-Йорктогу эл аралык мелдеште кыргыз балбаны алтын медаль тагынды. Түштүк Кореядан таэквондо боюнча Азия чемпионатынан кыргыз спортчулары жеңиш менен келди.
8-ноябрда Бишкекте массалык маалымат каражаттарынын футзал боюнча Медиа лига чемпионатынын жаңы оюндары башталды. “Алга” футбол клубунун ардагери Нурлан Ниязалиевди эскерүү турнири жыйынтыкталды.
Финляндиядагы фехтования боюнча дүйнө кубогунун этаптык таймашында Кыргызстандын эр-азаматтар командасы алтын байгелүү болду.
30-октябрда Орусияда бильярд боюнча жаштар арасында дүйнө чемпионаты башталды. Ага Ала-Тоодон алты жигит катышууда.
Футболдон Оштун “Алай” командасы чемпиондук наамга биринчи ирет жетти. Голландиялык машыктыруучу “Абдыш-Ата” клубу менен тил табыша албай калды.
25-октябрда Санкт-Петербургдагы жоокер өнөрү боюнча бүткүл дүйнөлүк оюндарында Кыргызстан 43-орунда турат.
Бишкекте үлкөн окумуштуулар "Манас" эпосун жайылтуу жана аны ар кандай бурмалоолордон коргоо боюнча жыйынга чогулду.
22-октябрда Санкт-Петербургдагы жоокер өнөрү боюнча бүткүл дүйнөлүк оюндарында кыргыз жигиттери жарым финалга чыкты. Алматыда бокс боюнча дүйнө чемпионатында Эрмек Сакенов чейрек финалда.
18-октябрда Бишкектеги спорттун улуттук жана элдик түрлөрү боюнча "Манас оюндарынын” ордо оюну боюнча жеңүүчүлөрү аныкталды.
Дагы жүктөңүз