"Данисте" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Бир нече радионун түптөлүшүнө салым кошкон. Мульти-медиалык журналистика боюнча тренер.
"Эже-сиңдилер" телеберүүсүндө пандемия маалында улуу муун өкүлдөрүнө кантип кам көрүп, кандай мамилеге жасоого сереп салдык.
Бишкекте «#RЕакция 3.0» нааразылык акциясы өттү. Аны жаш активисттер “Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө” мыйзам долбооруна каршы уюштурушкан. Жүздөгөн адам катышкан, жүрүш менен коштолгон акцияда саясатчыларга сөз берилген жок.
Ошто 20 жылга жакын убакыттан бери жакырчылыкта жашаган эне-бала үчүн эл акча чогулта баштады. 100 миң сомго жаа саткан уста Баттал Байзаковдун баалуу буюмдары. “Данистенин” бул жолку чыгарылышына ушул баяндарды топтодук.
Жарандык активисттер уюштурган «#REакция 3.0» акциясынын алдында белгисиз адамдар катышуучуларды ага барбоого үндөгөн.
Активисттер 29-июнда “Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө” мыйзам долбооруна каршы «#RЕакция 3.0» деп аталган нааразылык акциясына чыгышты.
Жакындан бери жаңсоо тили менен коштолгон кыргызча ырлардын видеосу Интернетте жарыялана баштады. Максаты угуусу начар адамдар үчүн ырлардын ритмин, маанайын билдирүү болгон бул саамалык “Беш бармак” долбоорунун алкагында ишке ашып жатат.
Ала качуунун алдын алууда жаңы технология жана медианын ролу кандай?
В программе "Эже-сиңдилер" мы поговорили о роли женщины в миростроительстве в кризисные времена. В каких сферах и какими способами женщины могут вносить вклад в консолидацию сообществ, в обеспечение мирного сосуществования людей разного этнического происхождения и социально-экономического положения?
Поэзияны жанындай көргөн сегиз жашар Саянбектин тилеги. Футболчу Мессинин 94 жаштагы күйөрманы, кочкорлук Алтын апа. “Мыкты жаш окумуштуу” эл аралык сыйлыгын алган кыргыз студент Акоша. "Сулайман-Тоо" тарыхый жайында бак-дарактардын кыйылышынын чоо-жайы. "Данисте" берүүсүнүн кезектеги чыгарылышында.
"Эже-сиңдилер" берүүсүндө бул жолу өспүрүм кыздардын саламаттыгы, жеке гигиенасы тууралуу баарлаштык. Мектептерде, окуу жайларда, үй-бүлөдө кыздар үчүн ден соолугуна кам көрүп, сексуалдык билимин жогорулатууга шарттар барбы? Адистердин ой-пикирлерине орун берели.
Кыргызстандын айылдарында карантиндик чектөөлөр жашоочуларга анчейин кедергисин тийгизбеген сыяктуу. Элет азыр талаа иштери менен алек. Ноокен районунун Кызыл-Туу айылынын жашоочулары аймактар аралык жолдор жабылбай, сыртка мөмө-жемиш сатуу токтобосо кыш камы ойдогудай болот деп ишенишет.
"Эже-сиңдилер" берүүсүнүн бул жолку чыгарылышында психикалык саламаттык темасында баарлаштык. Үй-бүлөдөгү жагдай, коомдогу кризис адамдын психикалык абалына кандайча таасир этет?
“Эже-сиңдилер” берүүсүнүн бул жолку чыгарылышында жардамга муктаж жалгыз бой энелердин жагдайы тууралуу баарлаштык. Карантин маалында иштеген ыктыярчылар, укук коргоочулар айрыкча күнүмдүк жумушту жасап, акча таап, балдарын баккан жалгыз бой энелер оор абалга кептелгенин айтып чыгышкан.
“Данистенин” бул жолку чыгарылышында ордолуу Ошту аралап, шаар тургундары менен баарлаштык.
Хоббисин бизнеске айланткан нарындык флорист. Карантинде кесибин өзгөрткөн музыкант. Өгүз таптап, жер айдаган тоолук дыйкандар. Көл үстүнө калкыма пирамида мейманкана кургусу келген ардагер. "Данисте" берүүсүнүн кезектеги чыгарылышын сунуш кылабыз.
24-майда чек арада болгон атышуу боюнча Кыргызстан менен Тажикстан эки башка маалымат таратты.
Арстанбаптыктар көчөлөрүнө өз күчү менен таш төшөп жатышат. Карантинде айласын таап, төрт баласын баккан тигүүчү. Азык-түлүктөн түк кыйналбаган фермер эне жер иштетип, кирешесин миллиондон ашырды. Маанайы суз көлдүк ишкерлер быйыл жайкы эс алуунун камын көрүшкөн жок. "Данисте" телеберүүрсүнө бул жол
Баткенде 20 жылдан бери ишин токтотпой келген «Салам» радиосу түптөлгөндөн бери иштеп, журналистикада, маданиятта, ишкердикте өзүн көрсөтө алган Улукбүбү Амирова 42 жашында капилеттен инсульт оорусуна чалдыгып, мезгилсиз дүйнөдөн кайтты.
Фермер, механизатор Алтынай Солтонова 12 жылдан бери үй-бүлөсү менен дыйкан чарбасын иштетип келет. Жылдык кирешесин 10 миллион сомго жеткирген дыйкан эне кумшекер, чайдан башка бардык азык-түлүктү өзү өндүрөт. Мындан сырткары ал айылдагы он үй-бүлөнү да камкордука алыптыр.
Кыргызстанда медайымдарга болгон мамиле, алган айлыгы, укугу, азыркы жагдайы тууралуу "Эже-сиңдилер" берүүбүздө баарлаштык.
Дагы жүктөңүз