"Данисте" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Бир нече радионун түптөлүшүнө салым кошкон. Мульти-медиалык журналистика боюнча тренер.
Карантин маалында Бишкектеги турфирмалардын 17% жабылып калды. Ысык-Көлдүн жалгыз аял-ветеринары. Беш жылдан бери токтоп турган Жалал-Абад ун комбинаты ишке кирди. Камыш согуп киреше тапкан элеттиктер. Шырдакты дүйнөнүн кыйырына чейин тааныткысы келген уздар.
“Эже-сиңдилер” берүүсүндө бул жолу үй-бүлөдө аялдарга карата зордук-зомбулуктун алдын алуу, пандемия шартындагы жаңы жагдайлар, парламентте кабыл алынган зомбулук кылган адамды убактылуу камоо тууралуу мыйзам долбоору тууралуу баарлаштык.
Бишкектин түндүгүндө кадимкидей темир шаарча бар. Тегереги жер тамдар менен курчалган жүздөгөн гектар аймактагы контейнерлердин мегаполиси - “Дордой” дүр-дүйнө базары. Бул базарда жана анын тегерегинде күнүмдүк тамагына акча таап, оор турмушун кылдыратып келаткан адамдардын жашоосун пандемия кай жак
Жабык “Дордой” миңдеген адамдын турмушуна таасир этти. Айрыкча базарды ыктап жашаган конуштарда жашагандардын айласы куруду. "Азаттык" Эл акыны Элмирбек Иманалиевдин керээзин кантип аткарды?
Кыргызстан менен Тажикстандын алты жараны жараат алып, ооруканага түштү.
Онлайн окутуудан жана телесабактардан куру калган жүздөгөн окуучулар. Оорулуу адамдарды тууганындай дарылаган атбашылык мээрбан эже. Карантинде Олимпиадага даярданган кыргызстандык спортчулар. Ысык-Көлдүн жээгинде көбөйгөн ак куулар экологдордун көзөмөлүндө.
Өзгөчө кырдаалга байланышуу үйдө отуруп калган ишкер Турсунали Төлөмүшов учурда бала-чакасы менен жаңы азыктарды чыгара баштаптыр. Алардын бири - дары чөптөр кошулган өрүк курут.
Өзгөчө абалга байланыштуу медиа форум быйыл онлайн форматта өтүп жатат.
Баткенде аралыктан окууга мүмкүнчүлгү жок балдарга мугалимдер түрдүү жолдор менен сабак өтүп жатышат. Алардын бири Кадамжай районундагы Шыбран айылынын мугалимдери. Бул айылда мобилдик байланыш жеткиликтүү эмес, телеканалдар да жакшы тартпайт.
8-апрелден бери Кыргызстандык мектеп окуучулар дистанттык негизде билим алып жатышат. Интернет аркылуу билим берүүдө мугалимдер өздөрү дагы үйрөнө турган нерселер көп болууда.
Автобус күткөн жана велосипед менен жумушка келген дарыгерлер. Футбол чебери болгусу келген окуучу кыз Толгонай. Күнөскана курган баткендик фермер. Дүкөндө коронавирустан коркпой жөөлөшкөн эл. Ушул баяндар “Данисте” тележурналынын бул жолку чыгарылышында.
Коронавирус үйүнөн алыста жылдап иштеп жүргөн мигранттарды, окуп жүргөн студенттерди үйүнө кайтарды. Биздин каармандар да өзгөчө кырдаалдан улам Баткен районундагы Төрт-Гүл конушунда жалгыз калган ата-энесинин үйүнө келип, баштарын бириктирип отурган кези.
Карантин маалындагы жазгы талаа иштери. Айылда жалгыз калган ата-энесинин үйүнө чогулган үй-бүлө. Бала-чакасы менен үйүндө органикалык азык өндүргөн ишкер. Наристелердин саламаттыгына кам көрүүнүн өзгөчө жолун издеген айылдагы жаш дарыгер.
Эпидемиологиялык абалга байланыштуу Жалал-Абад, Ош облустарына дарыгерлердин экинчи тобу Бишкектен жөнөп кетти. Нарындык аялдар каражат чогултуп өз ишканасын ачышты. Чүйдөгү дунган эли отурукташкан айыл турмушу. “Данисте” телеберүүсүнүн кезектеги чыгарылышын ушул баяндар түздү.
Кыргызстандык тарыхчылардын божомолу боюнча репрессия курмандыгы болгон адамдардын саны 40 миңден 100 миңге чейин деп айтылып жүрөт. Саясий куугунтуктан жок кылынгандарды актоо иштери социализм кулагандан кийин күчөп, 1994-жылы «Саясий жана диний ишеними үчүн куугу
"Эже-сиңдилер" берүүсүндө бул жолу кыргыз коомундагы карым-катыш, салт-санаада аялдардын орду тууралуу баарлаштык. Сиздин үй-бүлөдө той-ашта, өкүл ата, өкүл эне дайындаганда, туугандар менен аласа-береседе ким бийлейт?
Репрессияга кабылгандарды актоо боюнча жаңы мыйзам долбоорунун саясий, тарыхый мааниси. Өзгөчө кырдаалда жашай баштаган Кыргызстан. 83 жашында такси айдаган сузактык Кадыр карыя. “Данисте” телеберүүсүнүн кезектеги чыгарылышн сунуш кылабыз.
Сексуалдык зордук-зомбулуктан жабыркаган америкалык киножылдыздардын "МиТу" кыймылы Голливуддагы мыкчыгер продюсер Харви Вайнштейдин узак жылдарга түрмөгө камалышына себеп болду.
Кыргыз өкмөтү азык-түлүккө бааларды жөнсүз көтөргөн соодагерлер кылмыш жоообуна тартыларын эскертти. Шал оорулуу балдарга үмүт берген жаш дарыгер. Жаш театр артисттери кандай турмушта жашайт? Ушундай баяндар “Данисте” телеберүүсүнүн мазмунун түздү.
Германияда жашаган журтташыбыз Асел 13-марттын таңында Кыргызстанга Түркия аркылуу учуп келген. Аны менен кошо чет өлкөлөрдөн келген кырктай кыргызстандыкты коронавируска байланыштуу обсервацияга жаткырышкан. Асел ал жактагы шарттын начардыгын айтып, “Азаттыкка” байланышка чыкты.
Дагы жүктөңүз