"Данисте" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Бир нече радионун түптөлүшүнө салым кошкон. Мульти-медиалык журналистика боюнча тренер.
Майлуу-Суу лампа заводу токтоп калуу коркунучуна кептелди. Тигүү бизнесин бутуна тургузган Жайна Раева. Тиричилиги устаканага байланган Өзгөндөгү көп балалуу үй-бүлө.
«Эже-сиңдилер» телеберүүсүндө бул жолу эне-кыз мамилеси тууралуу баарлаштык. «Кыргыз коомунда кыздын ою угулбайт, үй-бүлөдө аны менен ачык сүйлөшкөн адам жок» деген сөздөргө кандай карайсыз?
Коронавирусту жуктуруп албоонун жолдорун жалпак тил менен түшүндүрүп беребиз. Ат-Башыдагы кооптуу имаратта тарбияланып жаткан наристелер. Германияда иштеп жүргөн окумуштуу мекендешибиздин баяны. "Данисте" берүүсүнүн кезектеги чыгарылышын сунуш кылабыз.
"Эже-сиңдилер" берүүсүндө бул жолу аялдар үчүн жергиликтүү кеңештин депутаты болуудагы тоскоолдуктар жана жаңы мыйзамдагы мүмкүнчүлүктөр тууралуу баарлаштык.
Алты жашар уулунун өлүмүн акыйкат тергелишин талап кылган ата. Гепатиттин эки түрүнөн сактаган эмдөө жана анализдер. Миграциядагы эне өзү гана эмес, баласын да өнөкөт ооруга дуушар кылууда. Уздар сейрек колдонгон ыкма менен өзгөчө сүрөттөрдү жараткан саймачы.
Нарындык Элайым Дүйшөбаева лыжа боюнча эл аралык таймаштарга даярданып жатат. Трансплантация маселеси Кыргызстанда чоң көйгөйгө айланды. Шарты жок коомдук транспортто кыйналган майыптардын көйгөйү. “Данисте” берүүсүнүн кезектеги чыгарылышын сунуш кылабыз.
“Данисте” телепрограммасында Алай районунда жашап жаткан памирлик боордоштордун жашоосу кандай? Алардын сабатын ачуу программасы кандай жүрүп жатат? Балыкчынын мектеби миллионер бүтүрүүчүнүн каражатына оңдолду. Улакчылардын жол азабы. Түмөн түйшүктү жеңип кеткен ышкы.
“Эже-сиңдилер” көрсөтүүсүнүн бул жолку чыгарылышында төрөттөн кийин аялдар туш болгон кыйынчылыктар тууралуу баарлаштык.
Кыргызстанда аялдар үчүн расмий тыюу салынган 400дөн ашуун кесип бар. Бир катар коомдук уюмдар "бул чектөөлөр жоюлсун" деп талап кылышууда. Өкмөт атайын комиссия түзүп, анын жыйынтыгын күтүп жатат. “Эже-сиңдилер” берүүсүндө бул жолу аялдарга тыюу салынган кесиптер, иштер тууралуу баарлаштык.
Нарын дарыясында кыш чилдеде дарыядан алтын күкүмүн чогулткандар. Тиричиликтин айынан Орусияда иштеп жүргөн уул-кыздарынын балдарын баккан эненин түйшүгү. "Данисте" берүүсүнүн кезектеги чыгарылышын сунуш кылабыз.
Эркин күрөш боюнча ардагерлер арасында дүйнөнүн эки жолку чемпиону, балбан Чынарбек Изабековдун баскан жолу. Орусиянын аскерлерин кийиндирген аялдардын чакан тигүү цехи. Көрүүчү окуянын нугун өзгөртө алган өзгөчө тасма. Ушул баяндар «Данистенин» мазмунун түздү.
"Эже-сиңдилер" берүүсүндө жыл башынан бери элди бушайманга салып жаткан үй-бүлөдөгү зомбулуктун кесепети тууралуу баарлаштык. Январь айында эле эркектердин зомбулугунан үч аял өлүп, бирөө оор абалда ооруканага түшкөн. 2019-жылы болсо үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган 8159 аялдан арыз түшкөн.
Жакындарынан ажырап, бөтөн үйдө мал багып калган Илья балдар үйүнө которулуп, мектепке бара баштады. Жаш илимпоз Наргизанын майда, бирок маанилүү кадамы. Айылына эки кабаттуу мектеп түптөгөн ишкер. "Данисте" берүүсүнүн кезектеги чыгарылышын сунуш кылабыз.
"Эже-сиңдилер" талкуусунда бул жолу адамдагы өзүнө ишенбестик тууралуу кеп кылдык. Кыргыз коомунда өзүн-өзү кемсинтүү кандай жагдайларда пайда болот?
Бир жумада ур-токмоктон эки келин каза болду. Бир келинге ажырашып кеткен күйөөсү бензин чачып, өрт койду.
«Эже-сиңдилер» телеберүүбүздө интернет аркылуу пикир алмашуу туурасында кеп курдук. Сиздин оюңузча онлайн баарлашуу тууган-туушкандар же адамдардын ортосундагы мамилеге кандай таасирин тийгизет?
"Данистенин" майрамдык чыгарылышында жаратман, данектүү каармандар тууралуу баяндар топтомун сунуш кылабыз. Алар: кыргызстандык Бекзаттын москвалык блогерди эргиткен сөзү, Швейцариядан белек алган хоккейчи кыздар жана көлдүк себетчи ардагердин кол эмгеги.
Турмушта өзгөчөлөнгөн адамдарга мамилени оюнга айланткан балдар. Ала-Букадагы кыргыз-өзбек чек арасындагы жер талаш. Өжөрлүгү көптөргө үлгү Айдананын тилеги. Китепканалуу болгон аскердик бөлүк. "Данисте" берүүсүнүн кезектеги чыгарылышын сунуш кылабыз.
Бул жолу “Эже-сиңдилер” берүүсүндө аялдардын медиациядагы орду тууралуу баарлаштык. Элдин башын бириктирүүдө, чыр-чатакты жөнгө салууда, талаштуу маселелерди чечүүдө аялзатынын мүмкүнчүлүктөрү жогору экени айтылганы менен, эмне үчүн ал колдонулбайт?
Майып балалуу энелер уюм түзүп, тиричилигине каражат таба башташты. Хабаровскиде сабалган кыргызстандык айдоочулар. Анкарадагы кыргыз эненин көркөм дүйнөсү. Улуттун уңгусунда уюп жаткан күүлөрдү даңазалаган топ. "Данисте" берүүсүнүн кезектеги чыгарылышын сунуш кылабыз.
Дагы жүктөңүз