"Данисте" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Бир нече радионун түптөлүшүнө салым кошкон. Мульти-медиалык журналистика боюнча тренер.
“Эже-сиңдилер” берүүсүндө бул жолу сексуалдык зордуктоого кабылган аялдардын өзүнө күнөө артуу тенденциясы тууралуу баарлаштык. Тийишүүдөн баштап, сексуалдык мажбурлоого чейин күнөөнү кыз-келиндин өзүнө оодаруу учурларын, каармандардын таржымалын адистер айтып беришти.
Этно музыкага кайрадан жан киргизген, дүйнөгө аты кеткен «Ордо Сахна» фольклордук-этнографиялык театры 20 жылдык чыгармачылык кечесин өткөрдү.
Кунары качкан Миң-Куш айылындагы уранга ууланган элдин турмушу. Пенсиядан баш тарткан жалалабаддык ардагерлер. Жардамга муктаж адамдарга кол сунган айылдык энелер. "Данисте" берүүсүнүн кезектеги чыгарылышын сунуш кылабыз.
Бишкек дүйнөдөгү абасы булганган шаарлардын катарына кирди. Зыяндуу түтүн чыгаргандарга 1 миллиондон ашуун сом айып салынды. Топоздун этин дүйнөгө тааныткысы келген ишкер. Мюзиклге айланган кыргыз тою.
Эмне үчүн кыргыз коому аял-эркектин тең укуктуулугун камсыз кылууга жетише албай жатат?
Элдин саламаттыгын ойлоп, жөө же ат менен айыл кыдырган нарындык фельдшер. Орусиядан Ошко келип балдарга тил үйрөтүп жаткан эжеке. Токмокто карыялар үчүн ысык чайы жана жылуу түнөгү бар пансион.
"Эже-сиңдилер" берүүсүндө бул жолу парапсихологиянын, дубалоо сыяктуу көрүнүштүн аялдарга тийгизген таасири тууралуу кеп курдук. Көзү ачыкка окутуп, дубалап, бакшылап алды деп кыз-келиндерге басым жасаган учурлар тууралуу уктуңуз беле?
Кыргызстанда алгач ирет харассмент (жыныстык ыдык) масштабы жөнүндө изилдөө жүрдү. Анын жыйынтыгы өлкөдөгү ар бир төртүнчү аял жумуш ордунда жыныстык асылууга туш болорун көргөзгөн.
Кызыл-Кыянын кооптуу шахтыларында өз өмүрүн тобокелге салып көмүр казгандар. 200 орунда эки миң бала окуган мектеп. "Данисте" берүүсүнүн кезектеги чыгарылышын сунуш кылабыз.
"Эже-сиңдилер" берүүсүндө кыз ала качууда аялдардын ролу тууралуу кеп кылдык. Программанын коноктору адам уурдоону салтка айлантуу да, ага бөгөт коюу да аялдардын колунда экенин айтышты. Сиз бул пикирге кошуласызбы?
Бул жылы фестиваль «Балдар үнү жана тең укуктуулук» деген темада өттү.
Бишкекте адам укуктары боюнча тасмалар “Россия” кинотеатрында акысыз көрсөтүлө баштады. Ар бир тасма анын авторлору менен талкууланууда. Бул иш-чаралар 11-ноябрда башталган даректүү тасмалардын «Бир Дүйнө-Кыргызстан» эл аралык фестивалынын алкагында өтүүдө.
Нечен кылымдан бери элди багып келаткан Арстанбап жаңгак токою. Чүйдөгү Калыгул айылы мектепсиз калып, балдар шарты жок эмканада окуп жатышса, сыркоолор кулайын деген суук мектептеги дарыгерге көрүнүүгө аргасыз.
"Эже-сиңдилер" программасынын бул жолку чыгарылышында алимент төлөгүсү келбеген ата-энелер жана жоопкерчилик тууралуу сүйлөшөбүз. Сиз алимент мыйзамы баласына каралашпай, качып жүргөндөрдүн санын азайтарына ишенесизби?
Чүй районундагы Калыгул айылында эчак авариялык абалга жеткен Тынымсейит Оңолбаев атындагы мектептин окуучулары фельдшердик-акушердик пунктта окуп жатышат. Татыктуу билим алууга туура келбеген шартта балдарын окуткусу келбеген айылдыктар балдарын башка мектептерге которууга аргасыз.
Нарын шаарында курбу кыздар жаштар үчүн социалдык “Kultur Cafe” борборун ачышып, үч жылдан бери иштетип келет. Жакындан бери жаш ишкерлер кондитердик цех да түптөшкөн. Кафенин максаты - жаштардын маданий пикир алышуусуна шарт түзүү.
60 жылдан бери электр жарыксыз жана тегиз жолу жок турмушта күн кечирген Жазы-Кечүү айылынын турмушу. Жалал-Абадда пахта терим аяктап калганы менен баасы аныктала элек. Эл көрө элек, башкалар жасай элек жыгач буюмдарды чыгарган нарындык уста. "Данисте" берүүсүнүн кезектеги чыгарылышын сунуш кылабыз.
“Эже-сиңдилер” берүүсүндө бул жолу ишкердикти кантип башташ керектиги тууралуу баарлаштык. Бул үчүн студиябызга өз ишин баштаган айымдарды топтодук. Алар бул багыттагы тоскоолдуктар жана мүмкүнчүлүктөр тууралуу айтып беришти.
Италиянын Сардиния аралындагы кыргыздардын жашоосу. Бычак жасаган оштук уста. Кыргыз коомунун азыркы жүзүн ачкан спектакль. Таштандынын азабынан нараазылыкка чыккан айыл эли.
Канткенде коомдо “эненин милдети баланы багуу менен гана чектелбейт” деген түшүнүктү жайылта алабыз? “Эже-сиңдилер” телеберүүсүндө “Билимдүү эне – билимдүү бала” деген теманын тегерегинде сөз кылдык.
Дагы жүктөңүз