"Данисте" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Бир нече радионун түптөлүшүнө салым кошкон. Мульти-медиалык журналистика боюнча тренер.
Адам укуктары боюнча даректүү тасмалардын «Бир дүйнө Кыргызстан - 2019» XIII эл аралык фестивалында дүйнөнүн он өлкөсүнөн балдардын укуктары, мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын, мигранттардын, качкындардын балдарынын укуктарын чагылдырган 20дан ашуун даректүү тасма көрсөтүлөт.
Кыргыз Эл акыны Шайлообек Дүйшеев орустун атактуу акыны Анна Ахматованын “Реквием” поэмасын кыргызчага которду. Чыгармада репрессиянын каардуу доору сүрөттөлөт.
Билимге умтулган шаардык жана айылдык окуучулардын башын бириктирген кызыктуу долбоор. Жалал-Абаддын Сузак айылында ардагерлер үчүн атайын өнөркана борбору ишке кирди. Орусияда иштеген "Эмгек мигранттарынын кесиптик кошуундар бирикмеси" Баткенде түзүлүп, алгачкы курултайын өткөрдү.
"Эмгек мигранттарынын кесиптик кошуундар бирикмесиин" I курултайы Баткен облусунун Исфана шаарында өттү. Анда бирикменин жетекчилиги шайланып, Орусиялык "Новые профсоюзы" кесиптик бирикмеси менен кызматташтык келишими түзүлдү.
“Эже-сиңдилер” телеберүүсүндө коомдо аялдарды алдыга сүрөө жана лидерликти өнүктүрүү темасында баарлаштык.
Бийди жактырган балдар үчүн атайын мектеп ачкан токтогулдук Наргиза Мундузбаева. Башына түшкөн оор кыйынчылыкты кайраты менен жеңип чыккан модел Ангелина Гаранина. Мезгил тарыхын жазган чыгаан журналист Султан Жумагуловду эскерген кесиптештери.
"Эже-сиңдилер" берүүсүндө бул жолу күчтүү кыздарды топтоп, кыздар күнү тууралуу кеп курдук. Улуттар уюму тарабынан кабыл алынып, жети жылдан бери белгиленип келе жаткан секелек кыздардын күнү быйыл “Күчтүү кыздарды эч ким токтото албайт” деген ураандын астында белгиленип жатат.
Адистер Кыргызстанда пластикалык хирургияга баргандардын саны өскөнүн, бул медициналык кызматтан пайдалангысы келген чет элдиктердин да агымы көбөйгөнүн айтышат. Бул жолу "Эже-сиңдилер" берүүсүндө эстетикалык хирургия тууралуу баарлаштык.
Кочкордо турак жайы жок үй-бүлөгө коомчулук там сатып берди. Жалал-Абад шаарында Орусияда иштеген мигранттар жакындары жок балдар жана жалгыз бой энелер үчүн үй кура баштады. Нарында кыргыз тилин айылда апалардан үйрөнгөн якут келин. Кыргыз балдар үчүн миллион китеп чыгарганы жаткан америкалык уюм.
"Эже-сиңдилер" телеберүүсүндө кыргыз коомундагы ийгиликтүү аялдын образы тууралуу баарлаштык. Кантип жана канткенде ийгиликке жетсе болот.
Ооганстандын Памириндеги кыргыздар урпактарынын келечеги туңгуюкка кептелип баратканына кабатыр. Ооган кыргыздарынын жашоосун, тарыхын беш жылдан бери изилдеген швейцариялык антрополог Тобиас Маршаллдын баянын сунуштайбыз.
"Эже-сиңдилер" берүүсүндө бул жолу ата-энелер менен мектеп мугалими ортосундагы талаш маселе тууралуу кеп болду.
“Данисте” көрсөтүүсү ар дүйшөмбү Кыргызстандын булуң-бурчунан окуяларды, кызыктуу репортаждарды жана данектүү адамдар тууралуу видео баяндарды сунуштайт.
Баткенде куралдуу жаңжалдан качкан элдин абалы. Нарында талаада жалданып иштеп, алты баласын баккан эне. Жалал-Абаддагы зордук-зомбулукка кабылган аялдарга жана балдарга психологиялык колдоо көрсөткөн борбор. Москвада ашлям-фу ашканасын ачкан жубайлар.
Жолу жок, свети жок алыскы Зардалы айылындагы мугалим эжейдин түйшүктүү турмушу. Жаңы кесипти өздөштүрүп, балдары менен иш баштаган жалгыз бой эне. Кеселдин боорун каккан, айдоочунун машинесин талкалаган Нарындагы жаман жол. Токтогул суусунун боюндагы тамчы сууга зар Кетмен-Төбө айылы.
Тейлөө тармагында маянанын аздыгы жаштарды тез-тез жумуш ордун алмаштырууга мажбур кылууда. Күндүз лицейде окуп, кечинде кафеде иштеп жүрүп алган ашпозчулук адистиги боюнча ишке орношо албаган Айчүрөк Сулайманова орто мектепти да бүтө албай калды. Ал 14 саат иштетип, болгону 8 миң айлык берген кафед
Үй-бүлөсүн баккан өспүрүмдөр үчүн күндүзү окуп, түнү иштеген сезон башталды. Кадамжайда узундугу 7 миң 300 метрлик жаңы суу канал курулуп жатат. Чет жакта белгиленген эгемендик майрамы. Жыргалаңда жыргап эс алган туристтер.
Кыргызстанда бийликтеги аялдар жыл сайын азайып барат. Ал эми жаш кыз-келиндер аймактарда жетекчилик кызматтарда жокко эсе. Бул жолу «Эже-сиңдилер» берүүсүндө кыз-келиндерди саясий процесстерге тартуу темасында баарлаштык.
Кыргызстандын аймагын 34 миң чакырым жол бириктирип турса, алардын 15 миң чакырымдан ашыгы ички жолдор түзөт. Бирок ички жолдордун абалы ал жолдо жүргөн жүргүнчүлөр менен айдоочуларды толук канааттандыра элек.
Аалам менен эски кайык аркылуу байланышкан Кызыл-Бейит айылындагы баёо турмуш. Катмандуда Кыргызстандын волейбол курамасы, Челябинскиде эки кыргыз мушкери чемпион аталды.
Дагы жүктөңүз