"Данисте" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Бир нече радионун түптөлүшүнө салым кошкон. Мульти-медиалык журналистика боюнча тренер.
Кыргыз коомунда жаштарды турмуш курууга мажбурлаган, кыстаган, жада калса суроо узатып жеке жашоого аралашкан жагдайлар тууралуу көп айтылып келет. “Эже-сиңдилер” берүүсүн бул жолу ушул темага арнадык.
Атбашылык 17 жаштагы Айпери Абдыгазы кызы билим алуу, китеп окуу жаатында коомдук иштерди жүргүзүп келет. Курбалдаштарынан көркөм адабияттын таасири жана пайдасы тууралуу кеп-кеңештерин аябайт. Тубаса шал оорусуна чалдыккан кыз тагдырына моюн сунбай жаштарга дем берүүчү, алга сүрөй турган чыгарма жа
Кыргыз бермети Ысык-Көлгө жээгине совет доорунда курулган же көчүрүлүп келип, жайгаштырылган завод, фабрикалардан баштап аскердик, кеме куруу ишканаларынын азыркы абалы.
«Африка сомун» Ошко алып келген балыкчы чарбакер. Ат-Башынын дүйнөлүк сыйлык алган ак балы кантип топтолот? Өмүрүн искусствого арнаган алайлык устанын жеке музейи. Волейболду жашоосунун ажырагыс бөлүгү катары эсептеген айымдар.
“Эже-сиңдилер” баарлашуусуна бул жолу кайраттуу, көпчүлүккө дем берген айымдарды чакырдык. Алар мүмкүнчүлүгүбүз чектелген деп үйдө олтуруп калбастан, билим алып, алдыга максат коюп элге үлгү боло алышкан.
Ысык-Көлгө совет доорунда курулган же көчүрүлүп келинген завод, фабрикалар, аскердик жана кеме куруу ишканаларынын азыркы абалы кандай? Көк-Жаңгак шаарындагы устанын учак жасап асманга учуу кыялы ишке ашабы? Кыргызстандын хоккей боюнча өспүрүмдөр командасы дүйнөнүн мыктыларын кантип жеңди?
Сиз тигил же бул ишканада жынысына, үй-бүлөлүк абалына, сырт келбетине карап мамиле жасаган учурларды байкайсызбы? “Эже-сиңдилер” баарлашуусунун бул жолку берүүсүнүн катышуучулары өз башынан өткөргөн бир катар мисалдарды келтиришти.
Бишкек травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун директорунун орун басары Бакытбек Исаков «Азаттыкка» берген маалымат боюнча башынан оор жаракат алып ооруканага түшкөн Чүй милициясынын башчысы Самат Курманкулов жандандыруу бөлүмүндө жасалма дем алдырууда, эсине келбей жатат.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) «Альфа» түзүмүнүн жоокери Үсөнбек Ниязбековдун сөөгү Бишкектеги «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлду. Ниязбеков 7-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин үйүндөгү операция учурунда алган оор жарааттан каза болгон.
Чоңдор менен тең ата нан тапкан балдар. Көчөдө күн көргөн эне менен чөбөрө. Көзү азиз студенттерди кубанткан китептер. Алты муундан бери алмашпаган кесип. Нарындагы суу боюндагы суусуз айыл. Ар аймактан чогулган аккордеончу айымдар тобу.
“Эже-сиңдилер” баарлашуусунда бул жолу келин менен кайнененин тиреши тууралуу кеп курдук. Бул теманы көрармандардын сунушунан улам алып чыктык. Сиз кандай ойлойсуз, кыргыз коомунда кайын журт келинге жетишээрлик колдоо көрсөтөбү?
Бишкектин четиндеги 14 жыл мурда түптөлгөн Алтын-Казык конушу бир да административдик аймакка кошула элек. Мунун айынан конушта социалдык көйгөйлөр арбын. Ошого карабай алар белин бекем бууп, тиричилигин улап келишет.
Баткендин Зардалы аймагында элдин өз күчү менен курган көпүрөсү. Токтогул районунун алыскы айылдарындагы оорукана тартыштыгы. Жайлоосу элди кызыктырган, бирок дааратканасы качырган туризм. Бир айылга кыргыз телеканалдарын көрсөткөн техник. Баасы көтөрүлбөй жаткан көлдүн өрүгү.
"Эже-сиңдилер" телеберүүсүндө бул жолу жумуш издеп жер которгон ички мигранттардын турмушун талдадык. Айрыкча Бишкектин тегерегиндеги жаңы конуштардагы үй-бүлөлөрдүн түйшүгүн өз мойнуна алган аялдардын жагдайы тууралуу ачык баарлаштык.
Окумуштуулар талаштуу тилкелердин тагдыры элдин кызыкчылыгын эске алуу жана саясий ыкмалар аркылуу чечилиши керек деп эсептейт.
Баткен облусунун мурдагы губернатору Мамат Айбалаев «Азаттык» менен болгон маегинде чек арадагы чырды чечүүнүн жолдорун сунуш кылды.
"Эже-сиңдилер" берүүсүндө бул жолу илим жана технологияга кызыккан кыздар кабылган стереотиптер, алардын тандоосуна жолтоо болгон жагдайлар тууралуу баарлаштык.
Бүгүнкү күндөгү жайыттардын жана жайлоолордун кейиштүү абалда экени айтылып келет. Малдын саны көбөйгөнү жайыт талаш дагы күч алды. Бул көйгөйдөн кантип чыкса болот? Канткенде жайлоолордун экосистемасын сактап калабыз? "Жашыл планета" берүүбүздө ушул суроого жооп издейбиз.
Ысык-Көлдөгү эс алуу жайларында куткаруучулар аз, эл ага нараазы. Жетимдер үйүндө өсүп, майыптар интернатында жашап жаткан үч курбуну тууган кылып үйүндө баккан ардагер. Пикетке эмес, китепке кел. Жаштар Бишкектин Ала-Тоо аянтында китеп окуу акциясын башташты.
Нарын облусундагы чеги так белгиленбеген жайыттар райондор арасында талаш жаратты. Суусамыр жайлоосундагы акты сатып акча тапкандар. Табият койнунда эс алгандарды таштанды тердирткен баткендик жаштар. Эски чайхананы бала бакчага айланткан өзгөндүктөр. Азыркы интеллигенциянын жагдайын эски драмага са
Дагы жүктөңүз