"Данисте" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Бир нече радионун түптөлүшүнө салым кошкон. Мульти-медиалык журналистика боюнча тренер.
Жалал-Абад облусуна караштуу Ала-Бука районунда жашаган жаратман, программист агай Зиодхан Атаходжаев элеттеги элге үйдө отуруп, каалаган багытта иш алып барууга үндөп келет. Ал дүйнөдө популярдуу болуп бараткан программалоонун питон тилин кыргызчага которуп, китеп кылып чыгарган.
Түгөйлөрдүн жаш айырмасы сизди түйшөлтөбү? Кыргыз коомунда айрыкча аялы күйөөсүнөн улуу болсо күмөн саноолор, сын-пикирлер болбой койбойт. "Эже-сиңдилер" берүүсүндө бул жолу жубайлар ортосундагы жаш айырмачылыктар тууралуу баарлаштык.
Алабукалык педагог элеттен программалоонун жаңы ыкмаларын өлкөгө жайылтууда. Орусиянын "Газпрому" Бишкекте курган заманбап, өзгөчө шарты бар мектептин бүдөмүк келечеги. Кочкордук окуучулар Оffice программасын терең өздөштүрүүдө. Кыргыз-өзбек жаштарынын Токтогулдагы улуттук оюндары.
Жайлоодо уюшкан эс алуу лагеринде оюндун кызыгына баткан балдар. Инфраструктурасы талкаланган Кетмен-Төбө шаарчасы. Суусу жок Сары-Өзөн. Иш менен камсыз болгон балдар үйлөрүнүн бүтүрүүчүлөрү. Дубалга сүрөт тартып акча тапкан кыздар. Кыргызстандык мигранттар уюштурган Москвадагы театр.
Айылда кой бакканын жомок кылып жазган Марлэн. Айылына 2 млн. сомго балдар аянтчасын курган сузактык жаштар. Жол жээктеп кымыз саткан нарындык өспүрүмдөр. Өрүктөрүн Орусия, Казакстанга саткан баткендик дыйкандар. Социалдык көйгөйлөрдү, майып балдардын түрткүнчүлүк жашоосун көрсөткөн кыргызча мультфи
Гендер деген эмне? Аял - эркектин социалдык ролдору тууралуу стереотиптик таңуулоолор эмнеге алып барат? Бул жолу “Эже-сиңдилер” берүүсүндө гендердик билим тууралуу баарлаштык.
Сырт келбетиңизге байланыштуу дискриминацияга же шылдыңга кабылган учурлар сизде болдубу? Эмнеге кыздар дене түзүлүшүнө карата басымга көп кабылат? "Эже-сиңдилер" телеберүүсүндө бул жолу боди-позитив, сырт келбетине карап сын тагуу тууралуу баарлаштык.
“Данисте” телеберүүсүнүн бул жолку чыгарылышына кирген баяндар: дүйнөлүк жазуучу Чыңгыз Айтматов тууралуу “Азаттыктын” жаңы китеби акысыз таратылат. Айылдагы үйүн киномузейге айланткан режиссёр Актан Арым Кубат.
Түркиянын Ван аймагында жашап жаткан кыргыздар түптөгөн «Ата-Журт» этно-комплекси, кыргыз тилинен өксүгөн окуучу балдар, айылды коргогон аскерлер жана күрд-кыргыз достук фестивалы тууралуу жакында Ван аймагында болгон ырчы Гүлзада Рыскулова айтып берди.
Ала-Бука районун борборундагы мектепти мындан он жыл мурун бүтүргөн классташтар мектептин инфраструктурасын оңдоп-түзөө иштерине 1 миллионго чукул сом беришкен. Демөөрчүлүк кылган классташтардын демилгеси тууралуу төмөнкү видеодон көрүңүздөр.
"Эже-сиңдилер" телеберүүсүндө бул жолу элүүдөн эчак ашса да жаңы өнөрдү үйрөнүп, билим алып, өзүн өнүктүргөн энелер тууралуу кеп кылдык.
Мигранттардын айылда калган балдары. Мал дарылаган ата-бала. Кирпич чыгарган механизмди ойлоп тапкан техник. Мектепке муктаж оорукчан балдар. Айылда балык чарбасын түптөгүсү келген ардагер. "Данисте" берүүсүнүн кезектеги чыгарылышын сунуш кылабыз.
Жалал-Абад шаарында 20 жылдык жолугушууга камданган классташтар той-топур ордуна оор турмушта жашаган үй-бүлөгө там куруп беришти. Ала-Бука районунда 10 жылдыкка чогулгандар бир миллион сомго мектептин инфраструктурасын оңдошту. Балдар колониясында да акыркы коңгуроо кагылды.
"Эмне үчүн Кыргызстанда кыз ала качуу токтобойт?" деген суроону бул жолку “Эже-сиңдилер” берүүсүндө талкууладык.
"Эже-сиңдилер” берүүсүндө бул жолу ишкерликти жаңы баштаган аялдар жана бул багыттагы тоскоолдуктар тууралуу баарлаштык.
Таласта жол боюна тигилген төрт жарым миллион сомдук туя-арчалары куурап калды.
Бийлик көрмөксөнгө салган кумарканалардын артында кимдер турат?
“Эже-сиңдилер” берүүсүндө бул жолу ооруп калганы үчүн кайын-журту басмырлап, күйөөсү чанып кеткен аялдар тууралуу кеп кылабыз.
Сегиз жылдан бери Дубайда ишкерлик кылган кыргызстандык Жанара Борончуева. АКШдан Жалал-Абадга көчүп келип, оорукчан балдарды караган боорукер кыз Калла Вен. Мамлекеттик кызматтан фермерликке кеткен Марат Жусупов малдын туягын санабай, сапатын жакшырткысы келет. FIFA футбол Академиясы Ошто кыздар үч
Кыз-келиндер бакытты кантип түшүнөт? Эмне үчүн коом аялзаттын бактылуулугун анын турмуш куруусу менен байланыштырып келет? "Эже-сиңдилер" телеберүүсүндө бактылуулук тууралуу баарлаштык.
Дагы жүктөңүз