"Данисте" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Бир нече радионун түптөлүшүнө салым кошкон. Мульти-медиалык журналистика боюнча тренер.
Ысык-Атада курулушу бүтө элек жаңы мектеп урай баштады. Орусияда иштеген кыргызстандык ата өз айылына бала бакча куруп берди. Нарында тери ыштап, кымыз чаначтарын жасагандар. Гонгконгдук балдарга математикадан сабак берген кыргыз бала. Аскадан секирип коркунучтан арылгандар.
Кыргызстандын коомдук-саясий турмушунда орду бар, нааразылык акция, жүрүштөргө катышып, өз позициясын билдирип жүргөн аялдар жок эмес. "Эже-сиңдилер" телеберүүсүндө эркек саясатчыларды сүрөгөн аялдар тууралуу баарлаштык.
Голландиянын тюльпандарын өстүргөн кадамжайлык эне. Мигрант жашоосун фермерликке алмаштырган алабукалык ишкер. Эки жыл мурда келген памирлик кыргыздардын Нарындагы жашоосу. Суусу бар туруп Таза суу долбооруна кошулбай калган Жети-Өгүздөгү айыл.
"Эже-сиңдилер" берүүсүндө эмдөөдөн баш тартуунун себептери жана бул наристенин саламаттыгына кандай таасир этери тууралуу адистер менен чогуу баарлаштык. Эмдөөгө колдонулган дары-дармектердин курамы тууралуу да бул берүүдөн биле аласыз.
Кыргызстанда кыз-келиндер канчалык деңгээлде спорт аркылуу өзүн таанытып, ийгиликтерге жете алат? Коомчулук кыздардын чоң спортко аралашуусун колдоого алабы? “Эже-сиңдилер” берүүсүндө ушул темада баарлаштык.
Жоюлуп кетпей сакталып калган Кыргызстандагы жалгыз асыл тукум жылкы заводун калыбына келтирип жаткан жаратман чарбагер. Улан Эгизбаевдин ысымын көчөсүнө коюп алышкан жаңы конуштун акыйкат издеген тургундары. Сүрөтүн сатып дүйнө кыдырган арт-өнөрпоздор. Бишкекке жаз менен кошо келген Жаз майрамы.
Парламенттин сайтына жарыяланган “Кесиптик кошуундар жөнүндө” мыйзам талаш жаратты. Айрым тармактык кесиптик кошуундар мыйзам кайра талкууга коюлбаса, нааразылык акцияларын уюштурууга даяр экенин билдиришти.
Феминист деген ким? Кыргызстанда феминизмди жактагандар барбы? Эмне үчүн коомдо феминист деген создөн коркушат? "Эже-сиңдилер" берүүсүндө бул жолу кыргыз феминизми тууралуу баарлаштык.
Колунан көөрү төгүлгөн чаткалдык уста. Чукул убакта оңдоого муктаж Жумгал театры. Кыргызча ыр жазган караколдук орус акын Людмила Пиотровская. Жаңы техникага алынсынбай өзү трактор кураган карасуулук дыйкан. Ушул адамдардын баары "Данисте" берүүсүндө.
“Данисте” телеберүүсүнүн бул чыгарылышына шарты катаал айылдардын өз киндигин өзү кескен эли тууралуу баяндар кирди.
Бул жолу "Эже-сиңдилер" берүүсүндө мүмкүнчүлүгү чектелген балдары менен отурган энелердин түйшүгү тууралуу баарлаштык. Соңку жылдары балдары майып энелер биригип, уюмдашып иш алып барууда. Алар майып баланы багуу багытындагы адистерди чакырып, кеп-кеңештерди чогуу алганга да аракет кылышат.
Азаптуу турмуштан суурулуп чыкан “Азаттыктын” каарманы Азамат 25 жылдан кийин ата-энесин таап, аты-жөнү Санжар Сыдыков экенин билди. Немис жерин жердеп, Берлиндеги ири банкта иштеген журтташыбыз Кымбатты ийгиликке жеткирген жагдай.
Акча төлөп кыргыз тилин үйрөнгөндөр. Нарындын өнүгүүдөн артта калган Жалгыз-Терек айылы. Жоголуу коркунучунда турган жан-жаныбарларга аёосуз кыянаттык. “Данистенин” бул жолку топтомуна кирген баяндарды сунуштайбыз.
Кыргызстандын элинин 52 пайызын аялдар түзөт. Ошол эле учурда өлкөдө бир да аял губернатор же аким жок. 453 айыл аймактын болгону 14ү айым. Аймактарда аялдардын бийликке келишине эмне бөгөт болууда? Бул жолу "Эже-сиңдидер" берүүсүндө ушул темада баарлаштык.
Бул жолу "Эже-сиңдилер" берүүсүнө жалаң эркектерди чакырып, алар менен Кыргызстандагы аялдардын үй ичиндеги жумушу тууралуу баарлаштык. Улуттук статистика боюнча аялдар эркектерге салыштырмалуу үй тиричилигин үч эсе көп аткарат.
"Эже-сиңдилер" берүүсүнүн бул жолку чыгарылышында медиадагы жана кинодогу зомбулук тууралуу кеп козгодук. Студиянын коноктору: кинорежиссёр Темир Бирназаров, балдар жазуучусу Алтын Капалова, КТРК көркөм кеңешинин мурдагы мүчөсү Мирсулжан Намазалы жана гендер боюнча эксперт Асель Абдраманова.
Эл аралык ондогон сыйлыктарга ээ болгон программист, ойлоп табуучу Бакыт Байдалиевдин Стамбулдагы супер симулятору. Он жылдан бери электри жок жашаган Аксыдагы айылдын шам менен сабак окуган балдары. Калың кары менен чет элдиктерди кызыктырган Жыргалаңдыктардын кышкы туризм ишкерлиги. Москванын бор
Бул жолу “Эже-сиңдилер” берүүсүндө рак илдетине чалдыккан айымдарды кантип колдоо жана коргоо керектиги тууралуу баарлаштык.
75 жыл мурда мекенинен айдалган чечен атанын эскерүүсү. Рак тооруган балдарга колдоо издегендер. Кыргыз-тажик бирдей сыймыктанган футболчу. Атайын комиссия түзүп, той-аштардагы ашыкча чыгымдарга тескөө баштаган Баткендеги айыл.
Жоголуу коркунучунда турган жан-жаныбарларга, өсүмдүктөргө болгон кыянаттыкты кантип токтото алабыз?
Дагы жүктөңүз