"Данисте" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Бир нече радионун түптөлүшүнө салым кошкон. Мульти-медиалык журналистика боюнча тренер.
"Эже-сиңдилер" берүүсүндө чуркап, сууга сүзүп, фитнеске барып, чыгыштын спорттук түрлөрүн өздөштүрүп жаткан айымдар менен баарлаштык. Алардын пикиринде, аялзаты жашы өйдөлөгөн сайын ден соолугуна кам көрүп турушу керек.
Орусиянын чилдесинде кыргыздын алмаларын сактап, саткан ишкер. Кара-Кечеде кезектен улам суткалап түнөп, автоунаасын ашканага айлантып, казан аскан айдоочулар. “Ош” базарда 20 жыл бут кийим оңдоп үй-бүлөсүн баккан өтүкчү. Түрк элин өзгөчө сүрөттөрү менен таң калтырган мекендешибиз. Ушул баяндар “Дан
Акын айымдарды эмне түйшөлтөт? "Эже-сиңдилер" баарлашуусунда мына ушул теманы талкууладык.
Жаш-карысы топ тепкен Баткендин Кара-Дөбө айылынан чыккан чемпиондор таржымалы. Мамлекеттин жүгүн көтөргөн тубаса көзү азиз Гүлназ Жүзбаеванын коомду шыктанткан жаратмандыгы.
Жабык жайлардагы, кылмыш тергөөдөгү кыйноолордун, өлүмдөрдүн санын азайтуу багытында Кыргызстан Түндүк Ирландиянын тажрыйбасын үйрөнүп жатат.
Нарындагы суусу жок айыл. Аламан улакка чабыла баштаган поляк аттары. Кыргызстандык буддисттердин сыйынуу үйү. Кыргызстандын тоолоруна космостон суктанган канадалык астронавт.
Азыркы заманда кыз баланы тарбиялоодо энелер эмнеге көңүл бурушу зарыл? Эне өспүрүм кызга кандай мамиле кылышы керек? Азыркы муун эскиче тарбияны эмнеге жактырбайт? Бул жолку “Эже-сиңдилер” телеберүүсүндө тарбиядагы муундар кызыкчылыгы тууралуу баарлаштык.
Америкалык үй-бүлө асырап алган Одри-Аида 11 жыл дегенде өз мекенине келип кетти.
Аялдар кош бойлуу кезинде жана төрөттөн кийин физиологиялык эле эмес психологиялык жактан да жабыркаган учурлар көп кездешет. Соңку жылдары өз жанын кыйган жаш энелер катталууда.
12 жаштагы Одри Аиданы 11 жыл мурда америкалык үй-бүлө асырап алган. Кыз ушул жашка чыкканга чейин АКШда жашады. Жарым жыл мурда ал ата-энеси менен Кыргызстанга келген. Одри-Аида мурда туулган жерин сүрөттөн гана көрүп келсе, эми ата-энеси менен өлкө аймагын түрө кыдырып жүрөт. Учурда ал кыргыз мада
Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) оюнунда күйөрмандык кылып, сүйүнүчтөн ыйлаган кичинекей Амирхандын видеосу соцтармактарда тарады. Ал учурда алты жашта. Спорттун бир нече түрүнө кызыгат жана дүйнө жүзүндөгү мамлекеттердин желегин чогултканды жакшы көрөт. "Азаттык" футболдун жаш күй
Жалал-Абадда электромобил жасагандар мамлекеттен колдоо таба алабы? Кыргызстан жеңеби же Бириккен Араб Эмирлигинен кетеби? Таң атпай таштанды шыпырган адамдын мээнетин шаарды булгаган адам түшүнөбү? Нарындык жаш лыжачылар дүйнөлүк мелдештерге жетеби? “Данистенин” жаңы топтомунан көрүңүз.
Глобалдык климат өзгөрүп жаткан шартта атом энергетикасы жашыл планетаны сактап калабы?
Айтматовдун “Ак кеме” повестиндеги Момун чалдын чыныгы турмуштагы үйү кароосуз калып, урай баштады. Берлинде дары-дармектерди тескеген ири компанияда иштеген кыргызстандык Назгүл Жаманкулованын таржымалы. Таэквондо аркылуу дүйнөнү багынткысы келген эне ким?
Кыргызстанда балдарды окутуу, тарбия берүү түйшүгү көбүнчө аялзатынын мойнунда. Мектеп мугалимдеринин да көбү аялдар. Учурда мугалимдин кадыр-баркы кандай? "Эже-сиңдилер" бул жолу ушул суроолордун тегерегинде баарлашты.
Темир тор артында наристелери менен жазасын өтөп жаткан энелердин тагдыры, үмүтү, санаасы, арманы. “Данистенин” бул жолку чыгарылышында энелери менен бирге абакта чоңоюп жаткан айыпсыз наристелердин темир тор артындагы жашоосун көрсөтөбүз.
“Эже-сиңдилер” телеберүүбүздүн майрамдык баарлашуусуна жыл ичинде коомчулуктун назарында болгон, көп сын пикирлерге кабылган айымдарды чакырдык.
"Азаттык" жыл ичи жүздөгөн адамдын пикирин угуп, ондогон адамдын тагдырын, жаратмандыгын, эрктүүлүгүн, өнөрүн тасма аркылуу сизге сунуштады. Айрым каармандардын жашоосу, көз карашы, максаты жакшы жакка өзгөрдү деген ойдобуз. "Данистенин" майрамдык чыгарылышында алардын айрымдарынын азыркы жашоосуна
АКШ, Европа өлкөлөрүндөгү окуу жайларда билимиңизди уланткыңыз келеби? Магистратура кыз-келиндерге кандай артыкчылыктарды берет? “Эже-сиңдилер” берүүсүндө чет өлкөдө билим алуу жаатында кеп курдук.
Кеминдик улакчы Андрейдин кыялы. Кадамжайдагы урап бараткан үйдөгү үрөй учурган жашоо. Түркияда кыргыз радиосун түптөгөн мекендеш. Ушул баяндар бул жолку “Данисте” топтомунун мазмунун түздү.
Дагы жүктөңүз