"Данисте" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Бир нече радионун түптөлүшүнө салым кошкон. Мульти-медиалык журналистика боюнча тренер.
Бул жолу "Эже-сиңдилер" телеберүүсүндө мигранттардын балдарына болгон жоопкерчилиги тууралуу баарлаштык. Панфилов районунда мигрант аялдын курбусунун колуна таштап кеткен баласы чарчап калган. Бул окуя мигранттардын балдарына коомчулуктун көңүлүн дагы бир жолу бурду.
Бул жолу «Эже-сиңдилер» берүүсүндө «Аялзатын түйшөлткөн сулуулук» деген темада баарлашуу уюштурдук. Анда сулуулук сынактары, косметологиянын кыздардын жашоосуна тийгизген таасири тууралуу кеп болду.
Бишкек четиндеги жаңы конуштарда мектеп маселеси чегине жетти. Жалаң кыз-келиндерди ташыган такси кызматы. Адабиятты аздектеген үй-бүлө. "Делбиримден" дүйнөгө таанылган түрк актрисасы.
Нарында бир айылдын көчөсүн тургундар сахнага айландырышты. Жалал-Абаддагы абакта мөөнөтү бүтүп жаткандар кесипке үйрөнүп, психологдон жардам ала баштады. Бишкекте арабада отургандар үчүн атайын бий студиясы иштей баштады. Ушул жана башка баяндар “Данисте” телетоптомунун мазмунун түздү.
Бул жолу “Эже-сиңдилер” баарлашуусунда келечекте кайсы кесиптерге суроо-талап жогору болоору тууралуу кеп курдук.
Оор тагдырына чөкпөй, алдына катар-катар максат койгон эрки күчтүү Эрлан. Кытайдагы камоолорго туш болгон жүздөгөн боордоштордун туугандары кыргыз бийлигине ачык кайрылышты.
“Данисте” телеберүүсүндө Улуу Жибек жолунун таасири алдында түптөлгөн байыркы шаарлардын бизге жеткен тарых-таржымалы тууралуу тасманы сунуш кылабыз. Анда соода кербендердин тоо, талаадан өткөн жолун бойлото туруктуу эли менен түптөлгөн шаарлардын изин иликтейбиз.
“Эже-сиңдилер” баарлашуусунда бул жолу кыргыздын кээ бир эски салттары тууралуу сөз кылдык. Студияга “Манас” университетинин окутуучусу Роза Абдыкулованы, коомдук ишмер, журналист Элнура Кулуеваны, «Кийиз дүйнө» уюмунун өкүлү Асел Кайнарбек кызын жана студент Зарина Акпаралиеваны чакырдык.
Жакында Британиянын Би-Би-Си басылмасы элди шыктандырган дүйнөдөгү жүз аял деген тизмесине кыргызстандык студент-программист Алина Анисимованы да киргизген. Алина Бишкекте он чакты кыз менен чогуу спутник жасап, аны космоско учурууну кыялданат.
Бул жолу “Эже-сиңдилер” баарлашуусунда күнүмдүк турмуштагы ысырапкорчулук темасын козгодук. Студияга Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Асел Турдалиеваны, “Манас” университетинин мугалими Гүлзада Станалиеваны, “Фуд-шэйринг” кыймылынын мүчөсү Нургүл Осмонованы чакырдык.
“Менин жайлоодогу баатыр жеңем” - Уланбек Эгизбаевдин акыркы тасмасы. Эмне үчүн Кыргызстанда майыптыгы барлар жумуш таба алышпайт? Театрчыларды капа кылган интеллигенция менен элита. Эгизбаевдин китебине эмнелер кирди? "Данисте" телетоптомунун жаңы чыгарылышы.
Ысык-Атадагы айылды тумчуктурган уулуу жыт. Кыргызстанда канча адам репрессияга кабылганы ушу кезге чейин белгисиз. Майып адамдарга дем берген Гүлзана. Убагында муш кезешкен чек арачыларды достоштурган футбол таймашы.
Бишкектин айрым жаңы конуштарынын тургундары жашоо шарттарын, жарыбаган инфраструктураларды тасмага тартып жатышат. Алар ушундай жол менен жарык, жол жана суу көйгөйүнө бийликтин көңүлүн бурдурабыз деген үмүттө. Жаңы конуштагы видео тарткан адамдардын иши менен “Азаттыктын” кабарчылары таанышып келд
Бул жолу “Азаттыктын” кабарчысы Адилет Бектурсунов Тянь-Шань тоолорунун бийик кыркаларында жайгашкан Кел-Суу, Соң-Көл жана Ала-Көл тууралуу видео экскурсия даярдады. Бийик тоолордогу кыргыз берметтерине сапар тартууга чакырабыз.
Кыргыз эркектери эмнеге кызганычты сүйлөшүү же түшүнүшүү жолу менен жайгара албайт? Коом бөтөн бүлөдө болгон зомбулукка эмне үчүн кайдыгер? Сөзсүз эле муштум менен мамилени билдире алабызбы? Бул жолу “Эже-сиңдилер” баарлашуусунда ушул темада кеп курдук. Студиябызга “Аялдарды коргоо” борборунун экспе
Кыргызстандык программисттер дарыгерлер менен бирге уникалдуу бионикалык протез кол иштеп чыгышты. Авторлор протез, азыркы мезгилде чыгарылып жаткандардан ыңгайлуу жана баасы кыйла арзан экенин айтышууда. Учурда адамдын колу аткара турган функцияларды толугу менен протез колго өткөрүү аракети тынымс
Өзгөндүн Мырза-Аке айылынын демилгелүү жаштары аялдамаларды жаңылап, колунда жоктор үчүн дүкөн ачышты. Жаңы конуштардын тургундары социалдык шарттарга жарыбаган жашоосу тууралуу тасмаларды тарта баштады.
Ош облусунун Ноокат районунда жашаган жубайлар Дилярам Таштемирова менен Абдималик Алимкулов жана гитарист Абиш Тагаев өмүрүн дээрлик музыкага арнаган адамдар.
Кыргызстандык программисттер дарыгерлер менен биргеликте уникалдуу бионикалык жасалма кол иштеп чыгышты. Өмүрүн музыкага арнаган ноокаттык жандуу музыка ышкыбоздору. Таш үстүнө чыгып "Манас" айткан таластык алты жаштагы Арсен. Жергеталдык кыргыздардын кыз узатуу салты.
Эмне үчүн Кыргызстанда мектептеги кенже класстын окуучуларынын 64 % окуганын түшүнбөйт? Канткенде үй-бүлөдө китептин ордун жогорулата алабыз? Энелер өзү китеп окуйбу? Ушул суроолордун тегерегинде “Эже-сиңдилер” баарлашуусунда ой бөлүшүү үчүн студияга филология илимдеринин доктору Үмүт Култаеваны, “К
Дагы жүктөңүз