"Данисте" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Бир нече радионун түптөлүшүнө салым кошкон. Мульти-медиалык журналистика боюнча тренер.
“Эже-сиңдилер” берүүсүндө кыз-келиндердин укугуна байланыштуу урунттуу окуяларды эстеп, кийинки жылга багыттарды аныктайбыз.
Кыргызстандык журналисттер алгач ирет өлкөдөгү фемицидди иликтешти. Анын жүрүшүндө 54 миңден ашуун маалымат талданган. Киши колдуу болгон аялдардын көбүнө күйөөлөрү, өнөктөштөрү такай зордук-зомбулук көрсөтүп турганы аныкталды. “Эже-сиңдилер” берүүсүндө фемицид тууралуу сөз болот.
Кыздарын бапестеген жаратман ата. Киши баспаган мамлекеттик китепканалар жана киши үзүлбөгөн жаңы китепкана. "Данисте" тележурналыбыздын бул жолку мазмунун ушундай баяндар түздү.
"Эже-сиңдилер" берүүсүндө бул жолу мигрант аялдардын өлкөнү өнүктүрүүдөгү ролу тууралуу баарлаштык. Чет жактан тажрыйба, каражат топтоп келип өз ишин баштап, башкаларга жумуш орун түзүп жаткан кыз-келиндерди билсеңиз биз менен байланышыңыз.
Мал экспорттоого чектөөнүн базарга тийгизген таасири. Эл кыдырып укалоо кызматын көрсөткөн автомеханик. Теннисти нунчаки менен ойногон он жаштагы Нурмухаммад “Гиннес” китебине кирүүгө аракет кылууда. "Данисте" тележурналыбыздын бул жолку мазмунун ушундай баяндар түздү.
Көмүрү менен сыймыктанган, 152 жылдык тарыхы бар Сүлүктү шаары эгемендик жылдары кыйын күндөрдү баштан кечирди. Калкынын саны жылдан жылга өсүп аткан бул шаарда турак жай тартыш, социалдык көйгөйлөр чечиле элек. Шаардын ишке жарамдуу калкы эски шахтадан көмүр казып, жан багышат. Алар көмүр эле эмес,
"Эже-сиңдилер" телеберүүсүнүн бул чыгарылышын зомбулуктун кеңири жайылган түрү - абьюз темасына арнадык. Адистер ар бир адам абьюзер болушу мүмкүн деп айтышат. Сиз бул ойго кошуласызбы?
Эгиз жигиттер, эгиз кыздарга баш кошкон эки үлпөт. Тоо арасында жашылча өстүргөн эне. Жаңы эгинге өткөн Сузактык дыйкандар. Элмирбектин "аманаты" жана "ак батасы".
Кыргызстан-Пакистан биргелешкен комиссиясы кыргыз окуу жайларынын ишин текшерип чыгышат. Буга Пакистан тараптын Кыргызстандын медициналык окуу жайларын кара тизмеге киргизиши себеп болду.
6-октябрдан бери көпчүлүк мамлекеттик кызматтардын жетекчилери алмашты. Соңку үч аптада кээ бир жетекчилик орундарга бир нече жолу дайындоолор болуп, айрым креслолор азыркыга чейин талашта турат.
Саясатчылар позициясын бийлике карап өзгөртүүсүнүн артында эмне турат? Жарандык коомду алдыга жылдырган аялдар саясаттан эмнеге оолак болушат? "Эже-сиңдилер" берүүсүндө Кыргызстандагы соңку саясий кырдаалды талдадык.
Жогорку Кеңеш чукул арада Конституцияны реформалоого макулдук берди. Бул коомчулукта талаш жаратты.
Кыргызстанда “Кыз китеп” жарык көрдү. «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду тарабынан басылып чыккан китеп сегиз жаштан 18 жашка чейинки кыздарга арналган. Китепте кыздардын гигиенасы, спорт менен машыгуусу, жүрүм-туруму боюнча суроолорго жооптор камтылды.
Өз баласына кошуп өзгөлөргө да көмөк көрсөтүп жүргөн таластык ата. Кыргызча китептер сатылган жалгыз "Нусканын" окурмандары кимдер? Эски орнаменттерди жоолуктарга тогоштурган дизайнер.
“Эже-сиңдилер” теледолбоорунун бул чыгарылышын өспүрүм кыздардын жеке гигиенасына арнадык. Буга Кыргызстанда жарык көргөн жаңы “Кыз китептин” жарык көрүшү себеп болду. Кыргызстанда өспүрүм кыздар кандай маалыматтарга муктаж? Аларга кандай маалыматтарды берүү керек.
Майыптарды жумуш менен камсыз кылгысы келген жаш усталар. Кызы экөө машине оңдогон баткендик механик ата. Жер кезип жүрүп, капилет оорунун айынан баса албай калган Владимир Бекчурин азыр элдин дарбазасын жасап, машинесин оңдойт. Кыргыз макалдарын, эпосторун жактырган Руслан Жуков кыргыз тилдүү мекте
"Эже-сиңдилер" берүүсүндө соңку кезде көп жарнама болуп жаткан биоактивдүү кошулмалардын пайда-зыяны тууралуу баарлаштык. Адистер биокошулмаларды туура эмес ичсе адам айыккыс дартка кабылат дешет. Сиз кандай ойлойсуз? Сиз дагы биокошулма ичесизби?
Адистер Кара-Кечедеги табигый кырсыкка экосистеманын бузулушу себеп болгонун айтышууда. Пандемияда үй бетин көрбөй бейтаптарга жардам берип жүрүп, өзү да илдетти жугузуп каза болгон фельдшер. Балыкчыда каржы пирамидасын түптөгөндөр элден 74 миллиондон ашуун сом топтоп алышкан.
Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) каттаган талапкерлердин арасынан баш-аягы 15 аял талапкер шайлоодон четтетилди. Бул партиялардын тизмесиндеги гендердик квота маселесин козгоду. "Эже-сиңдилер" телеберүүсүндө бул жолу саясаттагы аялдардын ордун талдадык.
"Эже-сиңдилер" телеберүүсүндө мектеп окуучуларынын аралыктан билим алуусунун түйшүгү тууралуу баарлаштык. Адистер ата-энелер пандемияга чейин балдарынын билимине түзүк маани бербегендиктен онлайн окуу аларды чарчатып жатат деген пикирде. Сиз кандай ойдосуз?
Дагы жүктөңүз