"Данисте" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Бир нече радионун түптөлүшүнө салым кошкон. Мульти-медиалык журналистика боюнча тренер.
Мамасалы Ташматов үй-бүлөсү менен сергек жашоону тандаган. Ысык-Көл районунда кесиптик билим алып, тейлөө тармагына кеткендер көбөйдү. Баткендик Акмарал Рахматилла кызы пандемияда өз ишин баштаган. "Данисте" берүүсүнүн кезектеги чыгарылышын сунуш кылабыз.
Баткендик чебер Акмарал Рахматилла кызы активисттердин көмөгү менен тигүү машинесине ээ болуп, пандемияда өз ишин баштаптыр. Курак курап, аялдардын кийимин тиккен Акмарал келечекте чакан ишкана ачкысы келет.
"Эже-сиңдилер" берүүсүндө бул жолу шылуун эркектерден жапа чеккен аялдар тууралуу кеп кылды. Адистер бул маселеден арылуу үчүн кыз-келиндер арасында критикалык ой жүгүртүүнү өнүктүрүү керектигин айтышат. Сиз кандай ойлойсуз?
80 жаштагы Лейлек районунун тургуну Махмуд Бабажанов аны эки жолу тажик күч кызматкерлери токмоктоп, кыйноого алганын айтып, “Азаттык” радиосуна кайрылды. Бабажанов тажик коопсуздук кызматы анын паспортун да алып койгондуктан Тажикстанда жашаган 106 жаштагы апасынан беш айдан бери кабар ала албай от
Кеминдеги жол боюндагы үй-бүлөлүк бизнестин таржымалы. Кыргыз-Кыштак айылында суу жетпей эгиндер куурап, бактар соолуп жатат. Ысык жерди, бак-шактуу үйлөрдү эңсеген памирлик кыргыздар. Токсондон ашкан апанын мастер классы. "Данисте" берүүсүнүн кезектеги чыгарылышын сунуш кылабыз
Өткөн эки жума аралыгында, жол кырсыгынан 19 киши каза болду. Жол коопсуздугун көзөмөлдөө боюнча реформалар эмнеге натыйжа бербей жатат? Коомчулук жол эрежесин сакташ үчүн эмне кылуу керек? Жазаны катаалдаштыруу эмне үчүн кырсыктын санын азайта алган жок?
"Эже-сиңдилер" телеберүүсүндө бул жолу үй-бүлөдө зомбулук көргөн аялдардын аргасыз чечими тууралуу кеп курдук. Эмне үчүн аялдар кызыл муштум күйөөсүн кечирип турмушун улайт? Бул кечирүүнүн артында эмне жатат? Бир келген өмүрдү кызыл камчы эркекке коротуунун зарылдыгы барбы?
"Эже-сиңдилер" телеберүүсүндө билген нерсесин башкалар менен бөлүшкөн блогер энелер тууралуу баарлаштык. Сиз Интернет аркылуу кайсыл блогерди көрүп, пайдалуу маалымат аласыз?
"Эже-сиңдилер" берүүсүндө кыз-келиндердин кийимине кийлигишүүнүн себептери тууралуу баарлаштык. Чечинип эмес, чүмкөнсө да эмне үчүн аялзаты сындан арылбайт?
Сахалиндик кыргыздардын универсалдуу борбору. Шарты оор Чүйдөгү "Тез жардамы". Жабык чек арада кыйналган нарындык балчылар. Ички туризмге багыт алган баткендик элеттиктер.
"Эже-сиңдилер" берүүсүндө бул жолу үй-бүлөнү пландаштыруу жаатында баарлаштык. Эмне үчүн катар-катар төрөгөн энелер балдарын асыроодо колдоосу жок калып жатат?
1-сентябрдан тартып Кыргызстанда балдар аралыктан окуй баштайт. Өткөн окуу жылынын акыркы чейрегин эске алып министрлик кандай өзгөчөлүк киргизгени жатат? Ата-энелер кооптончу кандай жагдайлар бар?
2010-жылкы апрель окуясында окко учкан эр-азаматтардын түбөлүк элесин жараткан кыл калемчи.
Бейтаптардын өмүрүн сактап, күндүр-түндүр бел чечпей эмгектенип жаткан дарыгерлердин таржымалы. Илдет курчуган кезде бир күндө 40тан ашуун бейтапты тейлеген көлдүк ардаргер фельдшер. Орусиядагы ишин таштап мекенине келип элеттик эмканада иштеп жаткан микрохирург.
"Эже-сиңдилер" берүүсүндө бул жолу искусствону тандаган кыздар менен баарлаштык. Кыздардын айрыкча живопись, скульптура багытында билим алуусуна кандай мүмкүнчүлүктөр жана тоскоолдуктар бар?
Эл аралык коомчулук өмүр бою кесилген укук коргоочу Азимжан Аскаровду эркиндикке чыгарууга кыргыз бийлигин он жылдан бери үндөп келген.
Сүйдүмкан Юнусова Баткен облустук биргелешкен ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн медайымы.
Кыргызстанда медицина кызматкерлеринин күнү белгиленди. Быйыл ак халатчандар майрамды эстегидей абалда эмес. Алардын бири Улуттук онкология жана гематология борборунун директору Эрнис Тилеков менен соңку абал жана дарыгерлердин жагдайы тууралуу азыноолак баарлаштык.
“Азаттык” Бишкек шаарынын тургундарына COVID-19 инфекциясынан кантип коргонуп жатасыз деген суроо узатты. Кыргызстанда расмий маалымат боюнча 18-марттан 4-июлга чейин өлкөдө коронавирус 7094 адамдан табылды, алардын ичинен 78 бейтап кайтыш болду, 2714 бейтап айыккан. Адистер вирустан коргонуунун эң
Бишкекте илдеттен каза болгондордун саны өсүп, Чүйдүн Новопавловка көрүстөнүндө сөөк коюу үчүн келгендердин кезеги көбөйдү. Соңку үч суткада эле аталган көрүстөнгө 12 маркум жерге берилген.
Дагы жүктөңүз