"Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.
Кошмо Штаттарда космостук күчтөр түзүлө турган болду. Армияда ушундай жаңы бөлүктү уюштурууга көрсөтмө бергенин президент Дональд Трамп 18-июнда Ак үйдөгү атайын жыйында жарыялады. Трамп ошондой эле АКШнын космостогу үстөмдүгүн сактоого да убада берди.
Дүйнөлүк биржаларда дүйшөмбү күнү баалуу кагаздардын нарксыздануусу менен катар мунай баасы да арзандады. Азия менен Европанын биржаларында баалуу кагаздардын нарксыздануусу бүгүн дагы уланууда.
Түркияда президенттик шайлоонун үгүт өнөктүгү кызып, акыркы аптасына келди. Президент Режеп Тайып Эрдоган 24-июндагы мөөнөтсүз шайлоону биринчи айлампада эле утууга умтулса, анын атаандаштарынын бири элге абактан кайрылды. Эрдоганга бул шайлоодо беш, анын ичинде аял саясатчы да атаандаш болуп атат.
Орусияда футбол боюнча Дүйнөлүк чемпионат башталганда либералдык оппозиция ага камылга көрүү маалындагы коррупцияны дагы бир жолу эске салды.
Жарандык согуштун кучагындагы Йемендин айланасындагы кырдаалдын курчушу акыркы эки күндөн бери кайрадан эл аралык турмуштун күн тартибине чыкты.
Грузияда премьер-министр Гиорги Квирикашвили кызматтан чегинди. Өкмөт башчысынын жарыясы борбор Тбилисиде бийликке талап койгон демонстранциялар бир нече жолу өткөндөн кийинки учурга туш келди. Оппозиция өкүлдөрү өлкөдө “саясий кризис бар” деп ырасташууда.
Макулдашууну ишке ашыруунун чоо-жайы алдыда дагы сүйлөшүлөт.
Украина Орусияга абактагы жарандарын алмашууну сунуш кылды. Киевдин расмий өкүлүнүн билдиргенине караганда, алар Украинанын камагындагы орусиялыктарды Орусиянын абактарында саясий себептен улам отурган украиналыктарга алмашууга даяр турат. Украина Орусиянын абагындагы саясий туткун деп санагандардын бири, режиссер Олег Сенцов Ыраакы Түндүктөгү түрмөлөрдүн биринде бүгүн 25 күндөн бери ачкачылык кармоодо. Адвокаты анын саламаттыгынын абалы опурталдуу чекке жакындаганын айтып жатат.
Ирандын уран байытуу кубатын кеңейтүү пландарынын жаңжал жараткыдай потенциалы бар деген эскертүүнү Парижден француз президенти Эммануэл Макрон жасады. Тегеран уран байытуу кубатын кеңейтүү жараянына киришкени тууралуу МАГАТЭ уюмун расмий кабардар кылганын кечээ (5-июнда) билдирген.
Европа өлкөлөрүндө ушул аптада кайрадан Иран маселеси талкууланганы жатат. Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху бул жолу Берлинди, Парижди, Лондонду кыдырууда. Ал сүйлөшүүлөрдө Ирандын өзөктүк программасы боюнча АКШ чыгып кеткен көп тараптуу келишимди оңдоо гана эмес, Иран күчтөрүнүн Сирияда турушуна бөгөт коюу маселесин да көтөрөрүн билдирген. Ал арада Сириянын бийлиги "өлкө аймагында ирандык аскерлер жок" деп ырастады. Буга чейин Израил Ирандын "Сириядагы аскердик турумдары" деген жайларга бир нече ирет абадан да сокку урган.
АКШнын эң жакынкы соода өнөктөштөрү эми ага каршы да чектөөлөрдү киргизерин эскертишүүдө. Ага чейин Кошмо Штаттардын өкмөтү Евробиримдикте, Канадада жана Мексикада өндүрүлгөн болот менен алюминийге жаңы бажы тарифтери күчүнө кирерин жарыялаган.
Палестинанын Газа секторундагы акыркы атышуу Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешиндеги атайын жыйында каралды. Ага чейин ХАМАС кыймылы Израилдин аймагын ракетадан жана минометтон атканына жооп кылып, Израил Газадагы буталарга абадан сокку урган эле. АКШ Коопсуздук кеңешине ХАМАСтын аракетин айыптаган резолюция сунуш кылып, бирок ал Кувейттин каршылыгынан улам өтпөй калды.
Ирандын мунайын эң көп импорттогон өлкө - Индия Тегеран менен соода-сатык жүргүзгөн кезде Кошмо Штаттардын экономикалык санкцияларын карманбай турганын билдирди.
Кошмо Штаттар менен Түндүк Корея алардын “тарыхый” деп мүнөздөлгөн саммитине даярдык көрүүгө кайра киришти. Бул үчүн Вашингтондон расмий өкүлдөр тобу Түндүк Кореяга да барган. Ал арада ушул дем алыш күндөрү Түштүк жана Түндүк Кореянын лидерлери чек арада экинчи ирет жолугушту.
Түндүк Корея Кошмо Штаттар менен сүйлөшүүгө дилгир экенин, Вашингтон менен маселесин “кайсы убакта, кандай жол менен болбосун чечүүгө” ачык экенин билдирди. Ага чейин АКШнын президенти Дональд Трамп Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен саммитти токтотконун жарыялап, акыркы күндөрү Пхеньяндан АКШга “эбегейсиз кыжырдануу жана ачык кастык” байкалганын айткан. Кырдаал өзгөрсө, сүйлөшүүлөргө Вашингтон да даяр экенин билдирген.
Кошмо Штаттар жана Кытай соода талашы боюнча макулдашууга жетишти. Мунун натыйжасында эки тараптын расмий өкүлдөрү белгилешкендей, “соода согушуна" бөгөт коюлду.
Евробиримдик АКШнын Иранга каршы санкцияларынын өзүнө карата таасирин жумшартуу жараянын баштайт. Бул тууралуу биримдиктин лидерлеринин соңку саммитинен кийин айтылды. Ирандын талаштуу өзөктүк программасы боюнча 2015-жылы түзүлгөн көп тараптуу келишимден чыккан АКШ ага каршы экономикалык санкцияларын калыбына келтирмекчи болгондуктан күн тартибине ушундай маселе коюлууда. Буга байланыштуу айрым европалык ири компаниялар Ирандан кетүүнү көздөп жатышканын да жарыялай башташкан.
Түндүк Корея Түштүк Корея менен жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрүн токтотуп койду. Ал мындан тышкары АКШ менен cаммиттен да баш тартып коюшу мүмкүн экенин эскертти.
БУУда бүгүн Коопсуздук кеңеши Газа секторундагы кырдаалды талкуулаганы жатат. Ага чейин кечээ Газа сектору менен Израилдин чек арасында жөөт аскерлеринин аткан огунан кеминде 58 палестин курман болуп, 1200дөн ашууну жараат алды. Буга байланыштуу Палестинада үч күндүк аза күтүү жарыяланды. Түркия Ислам Кызматташтык Уюмунун чукул саммитин чакырды. Кандуу окуя АКШ өз элчилигин Иерусалим шаарына расмий көчүргөн күнгө туш келди.
Кошмо Штаттар бүгүн Израилдеги элчилигин Тель-Авивден Иерусалимге расмий көчүрүп жатат. Бул иш-чара Израилдин мамлекет катары түптөлгөнүнүн жетимиш жылдыгына туш келди.
Дагы жүктөңүз