"Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.
Тажикстандын Тоолуу Бадахшан автономдук облусундагы кыргыздар байырлаган Мургаб районуна акыркы эки жылдан бери турист келбей калды. Негизинен топоз багып жан баккан мургабдыктар мындай кырдаалга коронавирус пандемиясы себеп болгонун, анын кесепетинен туристтердин агымы азайганын айтышат.
Ирандын башкалаасы Тегеран менен Тебриз шаарларында суунун таңкыстыгына жана жашоо-шарттын оорчулугуна нааразы болгон жарандар “диктаторго өлүм” деп кыйкырып, каршылык акциясына чыгышты.
Түркияда коронавируска чалдыккандардын саны кескин көбөйдү. Саламаттык сактоо министрлиги калктын төрттөн бири гана коронавируска каршы вакцинанын эки дозасын алганын, калганы такыр эмделе электигин кабарлады.
Өзбекстанда соңку күндөрү жүздөгөн адамдан коронавирус аныкталууда. Башкалаа Ташкентте коронавируска чалдыккандарды дарылаган ооруканалар толуп, абалы оор бейтаптар гана кабыл алынып жатат.
Казакстанда коронавирус сертификаттарын бурмалоонун биринчи фактылары бир нече ай мурун Алматы шаарында аныкталган.
Түркиянын Ички иштер министрлигинин расмий маалыматы боюнча Түркияга күнүнө миңдей ооганстандык качып келүүдө. Алар негизинен Иран аркылуу Түркиянын аймагына мыйзамсыз өтүшөт.
Молдовада 11-июлда кезексиз парламенттик шайлоо өттү. Алдын ала эсептөөлөр боюнча, өлкөдө Орусия таасирин солгундатып, көпчүлүк шайлоочулар Европа биримдиги менен жакындашууну каалаган партияларга добуш берди.
Москвада эки жумадан бери мыйзамдуу иштеген мигранттар эмдөөдөн өтүп жатышат. Шаарда эки эмдөө пункту ачылган, Сахарово айылында жана "Садовод" базарында.
Хижаб темасы коңшу өлкөдө көп жылдан бери түрдүү талкууларды жаратып келет.
Шейшембиде Алматыда казак бийлигине каршы митинг уюштурулду. Ага катышкандар азык-түлүктүн кымбатташына жана социалдык абалдын начарлашына бийликти күнөөлөп, өкмөттүн отставкасын талап кылышты.
15 миллион калкы бар Стамбулда орточо эсеп менен айына 400 батир чет өлкөлүктөргө сатылат. Түркиялык серепчилердин айтымында, Европа менен Азияны бириктирген бул шаарда үй алгысы келген чет өлкөлүктөрдүн саны жыл сайын өсүүдө.
Тажикстандын бийлиги 18 жаштан жогорку жарандарды сөзсүз эмдөөдөн өтүүгө милдеттендирди. Өзбекстанда эмдөөдөн өткөн студенттерге окуу акысын төлөөдө 10 пайыз жеңилдик берилмей болууда. Казакстанда акыркы эки күндөн бери вирус жугузуп алгандардын саны кескин көбөйүп жатат.
Алматыда Кытай консулдугунан алдына нааразылык акциясына чыккан активисттер камакка алынды. Буга чейин бир канча жолу административдик жаза алган жарандарды 1-июлда полиция үйлөрүнөн кармап кеткен.
Орусиянын президенти Владимир Путин шаршембиде жарандардын суроолоруна түз эфирде жооп берди. Түз эфир өлкөдө коронавирус жуктургандар көбөйүп, эпидемиологиялык абал начарлаган учурга туш келди.
Москвада "такырбаштар" менен кагылышкан тажик мигранты эки айга камакка алынды. Ага "бейбаштык" беренеси боюнча айып тагылганы кабарланды. Укук коргоочулар тажикстандык мигрант ашынган улутчулдар менен кокустан мушташып кеткенин айтышат.
Москва бийлиги эмгек мигранттарын “Спутник Лайт” вакцинасы менен эмдей турган болду. Мындай чечим Орусияда коронавирус күчөп жаткан учурда кабыл алынды. Деген менен бул өлкөдө иштеген кыргыз жарандарынын вакцина маселесинде пикирлери бир кылка эмес.
Дагы жүктөңүз