Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:03

Прокурор абактагы журналист Мамыркулованы сегиз жарым жылга кесүүнү сурады


Канышай Мамыркулова.
Канышай Мамыркулова.

Абактагы журналист Канышай Мамыркулованын иши боюнча отурум 30-июнда Бишкектин Октябрь райондук сотунда уланды. Анда прокурор жарыш сөзгө чыгып, Мамыркулованы сегиз жыл алты айга кесүүнү сурады. Бул тууралуу “Азаттыкка” анын адвокаты Нурбек Сыдыков билдирди.

“Жарыш сөзгө Мамыркулова да чыгып, коюлган айыптар менен макул эместигин билдирди. Кийинки 3-июлдагы отурумда адвокаттар жарыш сөзгө чыгат”, - деди Сыдыков.

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы Канышай Мамыркулованы 20-мартта кармап кеткен. Ага Фейсбуктагы баракчасына жазган билдирүүлөрүнөн улам Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” жана “Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу” беренелери менен айып коюлган. Ал март айынан бери Бишкектеги №1 тергөө абагында кармалууда.

Өлкөдөгү бир катар укук коргоочулар, активисттер, журналисттер президент Садыр Жапаровго, Улуттук коопсуздук комитететинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевге, ички иштер министри Уланбек Ниязбековго ачык кайрылуу жолдоп, журналистти кармоо Конституцияда кепилдик берилген сөз эркиндигине, адам укуктарына каршы келери айтылган. Анын саламаттыгы кооптуу абалда экени да белгиленген.

Норвегиялык Хельсинки комитети менен Адам укугу боюнча эл аралык өнөктөштүк уюму (International Partnership for Human Rights - IPHR) кыргыз бийлигин Канышай Мамыркулованы бошотуп, ага козголгон кылмыш ишин токтотууга чакырган.

49 жаштагы Канышай Мамыркулова Кыргызстанда эркин журналист жана жарандык активист катары белгилүү. Буга чейин “Алиби” гезитинде, “Сентябрь” телеканалында жана “Говори ТВ” басылмасында башкы редакторлук милдеттерди аркалаган. Акыркы жылдары Фейсбуктагы баракчасында бийликти сындаган билдирүүлөрдү жазып келген.

Шерине

XS
SM
MD
LG