Өзбекстанда курамында маңзаты бар жана жасалма баңгизаттарынан көз каранды болгон өспүрүмдөр көбөйдү. Коңшу өлкөнүн башкы наркологу Зарифжан Ашуров Газета.uz басылмасына берген маегинде маңзат торуна түшкөндөрдүн арасында 10 жаштагы өспүрүм бардыгын айтты.
Өзбекстанда наркологиялык диспансерлерде 5 миңдей киши каттоодо турганын Ашуров айтты:
"Жаштар менен сүйлөшкөнүбүздө көпчүлүк учурда психологиялык көйгөйлөрдөн улам маңзатка оогонун айтышат. "Жакындарым мени укпайт", "Мени менен эч кимдин иши жок", - дешет.
Ашуров учурда дары-дармек баңгизатына көз каранды болгондордун жаш курагы улам кичирейип келатканын белгиледи.
"Жаштар көмүскө жолдор менен дарыканалардан дары-дармектерди сатып алышат", - деди ал.
2023-жылы Маңзаттарын көзөмөлдөө боюнча улуттук борбордун жетекчиси Равшан Маматов бул көйгөй өлкө боюнча жайылып баратканы тууралуу коңгуроо каккан. Ташкент акимчилигинин өкүлү баш калаадагы окуучулар арасында жасалма маңзат колдонгондор көбөйүп баратканын эскерткен.
2019-жылы Өзбекстан курамында маңзаты бар күчтүү дары-дармекти сатууга көзөмөлдү күчөтүп, андай каражаттарды атайын дарыканаларда гана дарыгердин кагазы менен сатууну жолго койгон.
Шерине