Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:18

Москва: Жапаров менен Путин билим берүүдөгү кызматташтыкты талкуулашты


Кремлдин сайты жарыялаган сүрөт.
Кремлдин сайты жарыялаган сүрөт.

2-июлда Москвада президент Садыр Жапаров Орусиянын лидери Владимир Путин менен жолугушту. Кремль билдиргендей, сүйлөшүүдө Путин эки өлкө ортосундагы экономикалык алака туруктуу өнүгүп жатканын, былтыр соода-сатыктын көлөмү 11% жогору болгонун белгилеген. Быйыл төрт айдагы бул көрсөткүч 17% ашкан.

Кыргызстан Орусиянын негизги соода-экономикалык өнөктөшү экенин, ал жакта көптөгөн орусиялык компаниялар иштеп жатканын айткан.

"Биз ортодогу кызматташууда гуманитардык тармакка да канча зарыл болсо ошончо көңүл буруп жатабыз. Баарынан мурда сөз билим берүү тармагы жөнүндө болууда. Мен билгендей, Кыргызстанда орусиялык 200 окутуучу жана 200 мугалим эмгектенип жатат. Биз жакында курулган мектептин ачылышына катыштык жана орус тилдүү мектептердин санын көбөйтүү пландарыбыз бар", - деди Путин.

Ал ошондой эле Кыргызстанда орус тилине "өзгөчө макам берилгенине" ыраазычылык билдирди.

Президент Жапаров эки өлкө ортосунда өз ара түшүнүшүү жана ишеним бардыгын, саясий түшүнбөстүктөр, пикир келишпестиктер жоктугун белгиледи. Ал Путинди быйыл ноябрда Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Бишкекте өтчү жыйынына чакырды.

Буга чейин Кыргызстан Орусияга бирдиктүү билим берүү мейкиндигин түзүүнү сунуштаган. Бул тууралуу Санкт-Петербург шаарында өткөн эл аралык экономикалык форумда Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев билдиргенин орусиялык жана кыргызстандык бир катар сайттар жазган.

Маалыматта мындай сунушту Жапаров бергени жана аны Путин колдоого алганы белгиленген.

Шерине

XS
SM
MD
LG