Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:48

Жапаровдун Азербайжан сапары: Карабактагы жолугушуу


Садыр Жапаров менен Илхам Алиев. Карабак, Азербайжан. 3-июль, 2025-жыл.
Садыр Жапаров менен Илхам Алиев. Карабак, Азербайжан. 3-июль, 2025-жыл.

Президент Садыр Жапаров Москвага иш сапарынан кийин Экономикалык кызматташтык уюмунун саммитине катышуу үчүн Азербайжанга барды.

Москвада орус президенти Владимир Путинге жолуккан. Орусия-Азербайжан алакасы сууп турганда Жапаровдун эки өлкөгө тең барышы коомчулукта ар кандай талданууда.

Арты-артынан уланган сапар

Азербайжанга иш сапары менен барган кыргыз президенти Садыр Жапаровдун учагы 3-июлда Физули шаарынын эл аралык аэропортуна конду. Аны Азербайжандын маданият министри Адиль Керимли баштаган расмий адамдар тосуп алды.

Бул күнү Жапаров Азербайжан президенти Илхам Алиев менен Карабакта жолугуп, Азербайжандын Агдам районунда кыргыз тарап курган “Айкөл Манас” мектебинин расмий ачылышына катышты.

Кыргызстан элинин атынан Азербайжанга белекке курулган мектеп 528 орунга ылайыкталган. Карабак, Азербайжан.
Кыргызстан элинин атынан Азербайжанга белекке курулган мектеп 528 орунга ылайыкталган. Карабак, Азербайжан.

Кыргызстан элинин атынан Азербайжанга белекке курулган мектеп 528 орунга ылайыкталган. Өткөн жылдын март айында башталган курулуш толугу менен аяктап, объект пайдаланууга даяр. Мектеп 2,7 гектар аянтка курулган.

Садыр Жапаров 4-июлда Ханкенди шаарында өткөн Экономикалык кызматташтык уюмунун 17-саммитине катышып, сөз сүйлөдү.

Саммиттин темасы “Ишенимдүү жана климаттык жактан туруктуу келечек үчүн Экономикалык кызматташтык уюмунун жаңы көз карашы” деп аталды.

Мамлекет башчы экономиканын өнүгүшү климаттын өзгөрүшүнө тыгыз өз ара байланыштуу экенин белгилеп, бул эки фактор бири-бирине түздөн-түз таасир этерин белгиледи:

“Кыргызстан климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү, азык-түлүк жана энергетикалык коопсуздукту камсыз кылуу, тоолуу экосистемаларды сактап калуу максаттарында регионалдык жана глобалдык деңгээлде жигердүү кызматташууга даяр. Жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында республика бул багытта Климаттын өзгөрүшү, тоолор жана мөңгүлөр боюнча Декларацияны алга жылдырып жатат. Ошону менен бирге биз "Тоолуу жаштар жана климат" аттуу эл аралык платформаны түзүүнү демилгеледик. 2023–2027-жылдарды камтыган Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча Беш жылдык аракеттердин алкагында бир катар иш-чараларды өткөрүүнү мерчемдеп жатабыз. Анын ичинде 2027-жылы өтө турган "Бишкек+25" Экинчи Глобалдык Тоо саммитин да белгилеп кетет элем”, - деди Садыр Жапаров.

Саммитке Азербайжан, Ооганстан, Иран, Пакистан, Казакстан, Тажикстан, Түркия, Түркмөнстан жана Өзбекстан мамлекеттеринин жана өкмөттөрүнүн башчылары катышты.

Азербайжанга барардын алдында Садыр Жапаров иш сапары менен Москвада болуп, орус лидери Владимир Путин менен жолугушкан. Администрация билдиргендей, тараптар гуманитардык, экономикалык-социалдык жана башка тармактагы кызматташтыктарды талкуулашкан.

Орусия менен Азербайжандын алакасы сууп турган маалда кыргыз президентинин эки өлкөгө тең барышы коомчулукта түрдүүчө талданууда.

Айболот Айдосов
Айболот Айдосов

“Жапаровдун Орусияга барышы эки тараптуу мамилелердеги маселелерден сырткары Кыргызстандын ичиндеги кайсы бир маселелерге да байланыштуу деп ойлойм. Ал эми Азербайжанга сапары мурдатан пландалган саммит болуп жатканы үчүн азыркы орус-азери тирешине тиешеси жок. Бул адаттагыдай эле түрк тилдүү мамлекеттер менен, анын ичинде Азербайжан менен Кыргызстандын ымаласы жакшы экенин көрсөтүүчү эле сапарлардын бири”, - дейт саясат талдоочу Айболот Айдосов.

Азербайжан менен Орусиянын мамилеси 27-июнда Екатерингбурда 50дөн ашык азери тектүү жарандар кармалгандан кийин чыңалган. Анда эки киши каза болуп, дагы эки адам рейд маалында оор жараат алган. Баку бул үчүн күнөөлүүлөрдү таап, жазалоону талап кылган.

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги кармоолор оор кылмышты тергөөнүн алкагында болгонун, кырдаал козөмөлдө экенин билдирди. Мекеменин өкүлү Мария Захарова сөз 2001, 2010 жана 2011-жылдардагы киши өлтүрүү фактыларына байланыштуу экенин белгилеген.

Мындан соң Азербайжандын бийлиги Москва каржылаган “Спутник-Азербайжан” агенттигинин Бакудагы кеңсесиндеги рейдде "Sputnik Азербайжан" басылмасынын жетекчиси Игорь Картавыхты жана башкы редактору Евгений Белоусовду кармаган. Бакунун соту аларды төрт айга камакка алды.

Азербайжандын Маданият министрлиги Орусияга байланышы бар, буга чейин белгиленген бардык иш-чараларын токтоткону маалым болгон. Эки тарап бири-биринин элчилерин чакырышты.

Ушундай шартта Кыргызстан аталган эки өлкөнүн ортосуна арачы түшө алышы мүмкүнбү? Мына ушул суроону эл аралык мамилелер боюнча талдоочу Эдил Марлис уулуна узаттык.

Эдил Марлис уулу
Эдил Марлис уулу

“Садыр Жапаровдун Азербайжанга барганын эки өлкөнүн мамилесине байлабай деле койсо болот. Ал экономикалык форумга Түркиянын, Казакстандын жана башка өлкөлөрдүн да лидерлери баратат. Кыргызстандын азырынча мындай окуяларда ортомчу болууга чама-чаркы жетпейт. Анүстүнө Орусия менен Азербайжандын ортосунда бул жаңжалды токтотууга азырынча эч ким ортомчу боло албайт. Анткени, бул окуяларды “этникалык азербайжандар Москвада кармалыптыр, этникалык орустар Бакуда кармалыптыр, эки тарап ошонун айынан кайым айтышууда” деп талдаганыбыз туура эмес. Бул нерсенин артында аябай чоң геосаясий оюндар жатат”, – деди ал.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Азербайжанга мамлекеттик сапар менен 24-апрелде барды. Анда ал президент Илхам Алиевге жолугуп, Мамлекеттер аралык кеңештин экинчи жыйынына катышты. Баку шаарында кыргыздын улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун эстелигинин ачылыш аземинде да болду.

Садыр Жапаров Бакуга былтыр 24-ноябрда барып, Илхам Алиев менен жолугушкан. Андан бир ай мурда Алиев Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин (КМШ МБК) саммитине катышуу үчүн Бишкекке келип кеткен.

Кыргызстан Орусияга Азербайжан сыяктуу талап коё алабы?

Арийне, былтыр Москвада “Крокус Сити Холлдо” кеминде 145 кишинин өмүрүн алган куралдуу чабуулдан кийин Орусияда мигранттарга каршы маанай күчөгөн. Кылмышка шектүүлөрдүн көбү тажик тектүү жарандар экени аныкталып, кармалган.

Расмий Москва ошондон бери мигранттарга талап-эрежелерди кыйла катаалдаштырып, аларга каршы мыйзамдарды биринен сала бирин кабыл алып келет. Анын ичинде иш орундарында, кафе-ресторандарда, эс алуучу жайларда, мечиттерде жана башка жайларда мигрантарды текшерүүлөр күчөгөн. Бул чаралар дагы уланчудай.

Июнь айынын башында Москва шаарындагы рейдде мигранттарга, анын ичинде өзбек жарандарына күч колдонулганы маалым болуп, Өзбекстандын Орусиядагы элчилиги Орусиянын Тышкы иштер министрлигине нота жөнөтүп, түшүндүрмө талап кылган.

Жарандык активист Нурсултан Акылбек “Азаттыктын” “Эксперттер талдайт” программасында мындай ойлору менен бөлүштү:

Нурсултан Акылбек
Нурсултан Акылбек

“Менимче Жапаровдун Москвага сапарында азери-орус мамилеси биринчи орунда эмес. Менин оюмча буга Орусиядагы миграция маселеси менен Кыргызстандагы мамлекеттик тил маселесинин байланышы бар. “Эмнеге чукул чакыртты, балким Азербайжанга байланыштуубу?” деп суроо койгонубуз менен Орусияда кыргыз мигранттарынын абалы оор болууда. Биз ЕАЭБ ичинде өнөктөш мамлекетпиз. Ошол эле мигранттар киргизилип жаткан реестр, мигранттардын балдарына мектепке киргизүүгө коюлуп жаткан чектөөлөр жана башка эрежелер уюмдун ичинде турсак да биздин жарандарга да киргизилди. ”.

Орусиядагы рейддерде кыргызстандык мигранттар кабылып калган учурларда адатта Кыргызстандын бийлиги Орусиянын бийлиги менен кескин конфронтацияга барбайт.

Расмий Бишкек Тышкы иштер министрлигинин же, Миграция министрликтеринин деңгээлинде тиешелүү органдарга кайрылып, окуя тууралуу маалымат алуу менен чектелет. Жогорку жетекчилердин деңгээлиндеги жолугушууларда Кыргызстан Орусия менен Евразия экономикалык биримдигинин ичинде бирге экени белгиленип, Москвага кыргыз мигранттарына жеңилдиктерди берүү талаптары жумшак айтылып турат.

Талдоочу Эдил Марлис уулуна ушул жерден кайрадан сөз берели:

“Биздин мигранттарга чабуул жасалган маалда биз деле Азербайжан сыяктуу Кыргызстан деле Орусия менен тирешип, жаңжалга жете алмак. Соңку бир жыл, айрыкча акыркы жарым жылдан бери Орусияда мигранттарга жасалган терс мамилелерди көрүп жатабыз. Бирок биз өз акыбалыбызды таразаладыкпы, же бул окуялардын артындагы нерселерди баамдап калдыкпы, бул оюнга кирген жокпуз. Болбосо ушундай тирештин босогосунда туруп калганбыз. Орусия менен чырдашууда азыркы шартта биздин ута турган нерсебиз жок. Анткени, биз эмне товар чыгарсак сата турган рынок - бул Орусия. Мындан башка экономикалык маселелерде да аларга көз каранды жактарыбыз бар. Бирок биз дипломаттар аркылуу Орусия менен мыйзам чегинде сүйлөшүп, талаптарды коё беришибиз керек. Мында “биз кичинекей мамлекетпиз, унчукпай коёлу” деген мамиле да туура эмес. Биздин мигранттарга туура эмес мамиле жасалса, ашыкча чектөөлөр коюлуп жатса эки тараптуу келишимдердин жана ошол эле ЕАЭБдин алкагындагы макулдашуулардын негизинде таламыбызды талаша бергенибиз дурус”.

Быйыл 5-февралда Орусияда жаңы укуктук режим кирген. Ага ылайык, Орусиянын аймагында жүрүүгө, жашоого мыйзамдуу негизи жок чет элдиктер өлкөнүн аймагынан чыгып кетүүгө тийиш. Ички иштер органдары (соттор менен бирге) чет өлкөлүк жарандарды айрым укук бузуулар үчүн Орусиядан депортациялоого укуктуу болот.

Орусиянын президентинин 2024-жылдын 30-декабрындагы жарлыгына ылайык, ал жакта мыйзамсыз жүргөн мигранттар 30-апрелге чейин өзүнүн укуктук абалын мыйзамдаштырууга тийиш экени кабарланган. Дипломатиялык сүйлөшүүлөрдөн кийин мөөнөт сентябрга чейин узартылган.

Кыргызстандын бийлиги улам-улам кайрылуу таратып, Орусиядагы кыргыз жарандарын бул өлкөнүн миграциялык “кара тизмесинен” сентябрга чейин чыгып кетүүгө чакырык жасап келатат.

Орусиянын Ички иштер министрлиги февралдын башында "көзөмөлгө алынгандардын" реестрине 685 миңге жакын чет элдик киргизилгенин билдирген.

Алгач анын 85 миңдейи кыргызстандык экени кабарланса, майдын башына карата алардын саны 70 миңге түштү. "Кара тизмедеги" кыргыз жарандарынын бир тобу Орусиядан чыгып кетип жатса, экинчи тобу тизмеден чыкканга аракет кылууда.

Мындан сырткары 30-июндан тартып Орусияга киргени жаткан чет өлкөлүктөргө, анын ичинде кыргыз жарандарына эреже-шарт дагы катаалдашты. Ага ылайык, Орусияга барам деген чет элдик RuID аттуу мобилдик тиркемеге катталышы керек. Андан кийин өлкөгө кирерге 72 саат калганга чейин баруу максатын көрсөтүп, арыз калтырышы керек. Чет өлкөлүк жаран QR-код алып, ошо менен гана чек арадан өтө алат.

Жапаровдун Москва сапарынын мигранттарга жарыгы тийеби?
please wait

No media source currently available

0:00 0:52:59 0:00
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Шерине

XS
SM
MD
LG