"Азаттык" үналгысынын редактору, журналист.
Кишиневде жекшемби күнү 3-июндагы мэр шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууга каршы он миңдеген адам катышкан митинг өттү.
Тажикстандын Сангвор районунун 62 жаштагы тургуну Зухро Журабекова 21 жаштагы келини Фариза Хужаназарды өз өмүрүн кыюуга жектиргени үчүн 5,5 жылга соттолду.
Орусиянын Ямало-Ненецк округундагы түрмөдө 20 жылдык жаза мөөнөтүн өтөп жаткан украиналык режиссер Олег Сенцовдун ачкачылык кармап жатканына 47 күн болду.
Кошмо Штаттардын Жогорку соту президенттин иммиграция боюнча буйругун колдоду.
Арменияда май айында бийлик алмашкандан бери бир катар коррупциялык иштер ачылып, мамлекетке 35 миллион доллар кайтарылды. Бул жумада болсо, мурдагы президенттин бир тууган инисин полиция кармап, суракка алган.
Европадагы миграциялык кризисти жекшемби күнү Евробиримдикке кирген өлкөлөрдүн лидерлери Брюсселдеги формалдуу эмес саммитте талкуулады.
Гүлнара Каримованын швейцариялык адвокаты Грегоир Мангет 20-июнда кайрадан Ташкентке келди.
Греция каржылык кризистин оор мезгилин басып өттү, мындан ары өз алдынча каржы саясатын жүргүзүүгө жөндөмдүү. 22-июнда евроаймактын каржы министрлери ушундай чечим кабыл алышты жана Грецияга жардам берүү боюнча программа августта аяктай турганын расмий билдиришти.
Түркияда ушул жекшембиде кезексиз президенттик жана парламенттик шайлоо өткөнү турат. Азыркы президент Режеп Тайып Эрдоганга беш талапкер атаандаш болуп жатат. Ушул шайлоодон кийин Түркия парламенттик башкаруудан президенттик башкарууга өтөт.
Ооганстанда "Талибан" кыймылынын чабуулунан кеминде 11 аскер мерт болду. Бул "Талибандын" өкмөт менен Айт майрамынын алдындагы утурумдук элдешүүнү токтоткондон кийинки алгачкы чоң чабуулу.
Армениянын парламенти генерал-лейтенант Манвел Григорянды мандатынан ажыратып, кылмыш ишин козгоого макул болду. Генерал "аскерлерге багытталган кийим-кечекти, азык-түлүктү, курал-жаракты жана аскер техникасын мыйзамсыз ээлеп алган" деп айыпталууда. Ага тиешелүү жайларды тинткенде миңдеген ок-дары, жарандык жана аскердик багыттагы техника табылган.
2017-жылы дүйнөдө качкындардын саны бир жылда 4,6 пайызга көбөйүп, 68,5 миллионду түздү. Бул тууралуу БУУнун качкындар боюнча жаңы баяндамасында айтылат.
АКШ жарандыгын алган Закир Алиев бир канча жылдан кийин Өзбекстанга келгенде кармалды. Мамлекеттик коопсуздук кызматы ал “Өзбекстан ислам кыймылынын” иш-аракеттерине катышканы үчүн издөөдө” жүргөнүн билдирүүдө.
Ооган президенти Ашраф Гани Орозо айттагы "Талибан" кыймылы менен шартташкан ок атышууну токтотуу тууралуу кыска мөөнөттүк элдешүүнү дагы он күнгө узартууну сунуштады. Бирок согушкер топ андан баш тартты.
Орусияда кийинки жылдан тарта пенсия курагы көтөрүлөт. Өкмөттүн мындай чечимин премьер-министр Дмитрий Медведев 14-июнда жарыялады. Орусияда пенсиялык системаны реформалоо - көптөн бери көтөрүлүп келе жаткан маселе болчу. Бирок сурамжылоолор элдин 82 пайызы пенсия курагын көтөрүүгө каршы экенин көрсөткөн.
Македония өлкөсү 27 жылдан кийин өзүнүн аталышы боюнча Греция менен мунаса тапты.
Швейцариянын банкында Өзбекстандын мурдагы президентинин кызы Гүлнара Каримовага таандык деп эсептелген 800 миллион доллардын тагдыры чечилүүдө.
“Талибандын” согушкерлеринин акыркы кол салуусунан ооган коопсуздук күчтөрүнүн кеминде 20дай кызматкери мерт болду.
Узаган аптанын урунттуу окуяларына сереп.
Жогорку Рада бейшемби күнү акыркы кезде премьер-министр менен көз карашы келишпей, талашып-тартышып келе жаткан каржы министри Олександр Данилюкту кызматтан кетирүү тууралуу сунушту колдоду.
Дагы жүктөңүз